Нарын районунун Куланак айылындагы Жеңиш Арыпбеков атындагы №86-кесиптик лицейинин чатырынан беш жылдан бери суу тамчылачу. Быйыл демөөрчүлөр тарабынан оңдоо иштери жүрүүдө.
Окуу жайдын директору Малик Шаршенбековду кепке тарттык.
Оңдоо иштерине акча каражатын кайдан алдыңар?
— Азия өнүктүрүү банкына чатырын жаптырсам, жеңил эле жабып, бирок биздин климаттык шартка туура келбей тамчы тама баштаган. Быйыл жайында Финансы министрлиги тарабынан 1 миллион 700 миң сом бөлдүргөм. Электрондук сатуу жүргүзүп, электрондук порталга тендер жарыялаганбыз. Тендерди “Керим” курулуш фирмасы утуп алып, материалынын баарын алып келип, шыйпырлоо иштери жүрүп жатат.

Канча убакытта бүтөт?
— Буюрса эки айлык мөөнөт менен бүтөт. Материалдардын келиши жакшы, иштеп жатабыз. Бүгүн тамга керектелүүчү темирлерге фирманын башчысы кетем деп жатат. Эгер алып келип калса, бүткөн жерин дароо чатырлай баштайбыз. Окуу корпусунун үстү бүт оңолуп жатат. Азыр климаттык шартты эске алып, оңдоо иштери жүрүп жатат.

Окуу жай 1978-жылы курулуп ишке берилген.



Курулушту иштеп жаткан Садыбакун Шерматов “окуу жай салынгандан бери оңдоо иштери болгон эмес» дейт.

Окуу жайдын мугалими Шеркул Жумабаев акыркы беш жылдан бери тамчылап жатканын айтты.
«Оңдоо иштеринин башталганына 10 күн болду. Эң көйгөйлүүсү чатыр болуп жаткан, ал эми ички көйгөйлөрдү өзүбүз каржылап алабыз”, — дейт Жумабаев.

Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн