Ак-Талаа районунда билим берүү бөлүмү тарабынан агартуучулардын кесиптик майрамы белгиленди. Иш-чара райондук администрация башчысынын катышуусу менен өттү.


Ага райондун аймагындагы орто мектептерде билим тарбия берген мугалим эже агайлар жана райондук мамлекеттик администрация башчысы, аким С. Черикбаев жана орун басары Ж. Мамбетова катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө агартуучулардын алдыңкыларына “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси баштаган бир катар сыйлыктар тапшырылды.





Мугалимдердин майрамдык иш чарасын Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулар жана мугалимдеринин концерттик номерлери коштоду.
Даярдаган: Нурбекова Аймырза
Редактору: Э.Тажиева
Сынак үчүн