Гүлмира Жумагулова буга чейин «Манас таануу» интелектуалдык таймашына өзүнүн даярдаган окуучулары менен катышып, республикадан экинчи орунду алууга жетишкен. Өзүнүн манасчылар тууралуу билимин 11-класстын окуучуларына үйрөтүү максатында 26-сентябрь күнү ачык сабак өттү.
Сабактын максаты — окуучуларды манасчылардын баскан жолу менен тааныштырып, манасчылык өнөр боюнча кеңири маалымат берүү.

Гүлмира эженин ачык сабакта айткан сөзүнө караганда, манасчыларды түгөнбөс океан катары көрүп, ошол океандан сугарылуу керек.
«Манасчылар бул биздин чоң байлыгыбыз. Алар айткан миллион сапты дүйнөнүн мыктымын деген адамдары да айта алышпайт. Манас деген күчтүн аркасынан алар күн-түндөп Манас айтышууда. Биз мындай улуу манасчыларды барктап, даңктап, атын өчүрбөй көкөлөтүп туу кылып алалы», — дейт Жумагулова.
Окуучулардын айтымында, буга чейин бир да мугалим Гүлмира эжедей кызыктуу сабак өткөн эмес.
11-клааста окуп жаткан Бүбүсина Нурбекова манасчылар боюнча өтүлгөн сабакка өзгөчө кызыкканын жана ачык сабак жакканын айтты.
«Мен Гүлмира эжени биздин мектеп боюнча Манас эпосун эң жакшы билген мугалим катары тааныйм. Манасчылар тууралуу сабак баардык окуучуну кызыктырды. Башка мугалимдер да Гүлмира эжедей кызыктуу кылып өтсө дейт элем», — деди ал.
Ал эми 2014-жылкы «Манас таануу» таймашынын республикалык баскычына катышкан Айганыш Адилова ачык сабакта манасчылар тууралуу билгенимден да билбегеним көп экен дейт.
«Мен мурун «Манас таануу» таймашына катышкам. Ал таймашка мени Гүлмира эже даярдады эле. Манасчылар тууралуу көп нерсе билем деп ойлогом, бирок эженин ачык сабагынан кийин дагы көп нерсени биле элек экенимди түшүндүм», — дейт ал.
Даярдаган: Ислам Көчөрбаев
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн