Алгач эмне үчүн акчаны үнөмдүү пайдалануу керектигин түшүнүү абдан маанилүү. Экономикалык каатчылык учурда акчаны үнөмдөө жана үй бүлөлүк бюджетти ысырап кылбоо ар бир эле адамдын оюуна келет эмеспи. Бирок кантип? Чындыгында баардыгын үнөмдөө оңой эмес. Айла жок үнөмдөөнү үйрөнүү керек.
Азыркы учурда жаштар, студенттер каржыны өзүнө туура бөлүштүрүүнү, үнөмдөөнү аз да болсо билишет. Кыргызстандагы Россиялык Академиялык окуу жайынын экинчи курсунун студенти Роза Асановадан өздүк бюджетти үнөмдөө менен кантип иш жүргүзсө болот? деген суроого төмөндөгүдөй жооп алдык:
Билим алууда каржылык сабаттуулуктун кереги бар. Каржылык сабаттуулук акчаны туура бөлүштүрүү, жөн кана жүрүш турушуңа акчаны туура бөлүштүрүү керек. Мисалы: жолуңа, окууңа,тамак- ашыңа, кийим- кечеңе. Бюджетти туура бөлүштүрүп, туура колдонгонго аракет кылам. Азыркы учурда жаштар арасында каржылык сабаттуулук жөнүндө түшүнүгү болбосо дагы акчаны жогорку деңгээлде туура бөлүштүрө алышат. Ооба акчаны туура эмес колдонгон учурлар көп эле болот. Мисалы: бир нерсеге пландаган акчам капысынан башка нерсеге жумшалып да кетет. Сөзсүз түрдө акчаны туура колдонуу менен көп эле ийгиликке жетсе болот.
Жаш үй-бүлөлөр үчүн каржылык сабаттуулукту билүү жана каржыны туура бөлүштүрүү зарыл. Үй салууда же сатып алууда каржыны туура бөлүштүрүү керек. Барскоон айылынын тургуну Нурлан Сатиев каржыны туура пландоо жана бөлүштүрүү өздүк бюджетти үнөмдөө деген ойдо:
Үй салууда же сатып алууда каржынын сабаттуулуктун чоң пайдасы бар. Анткени акчаңды эсептеп, бөлүштүрүп туруп иш кылсаң үнөмдүү болот экен. Биз айыл жеринде жашагандыктан акчаны көп үнөмдөй бербейбиз. Үй салууга көп каражат жумшалат. Иштен тапкан эмгек акың ага жете бербейт. Ошондуктан кредит алууга туура келет. Ал эми алган кредитти максаттуу пайдалануу үчүн эсептеп чыгыш керек. Акчаны үнөмдөө үчүн керексиз нерселерди сатып алуудан баш тартса болот жана ар кандай шаан-шөкөттөрдү кыскартыш керек. Мен өздүк бюджетимди кирешеге жараша чыгашамды эсептеп турам. Бир айлык кирешемди эсептеп, жубайым экөөбүз эмнеге сарпташ керек экенин жазып, эсептеп туруп иш кылабыз.
Каржыны туура бөлүштүрүу боюнча жаштар атайын экономистерге кайрылып, кеңеш сураса да болот. Барскоон айыл өкмөтүнүн чыгашалар боюнча жетектөөчү адис Алмаш Каптагаева жаштардын каржылык сабаттуулугу боюнча жана жашоодо акча эң маанилүү экендигине токтоло кетти:
Акча бары да жакшы, жогу да жаман. Акчанын барында да, жогунда да көп проблемалар чыгат. Акчаны туура колдонсо баардык жагынан жакшы, туура эмес колдонсо баардык жагынан жаман. Жеке каржыны башкаруу деген бул финансылык толук каржылоо үй-бүлөнү, үйгө топтолгон акчаны туура пайдалануу. Жыйынтыгын туура пайдаланып үзүрүн көрүү. Азыркы учурда жаштардын каржылык сабаттуулугу көпчүлүгү акча маселесине катураак ооп кетишкен, көпчүлүгү акча болсо көп проблемалар чечилет деген ойго ооп алышкан.
Сиздер бүгүнкү чыгарылышта жаштардын каржылык сабаттуулугу канчалык деңгээлде экендиги туралуу уктуңуздар. Сюжетти даярдаган Гүлкайыр Осмоналиева жана Эрлан Абласов.