Кыргыз тилинин 27 жылдык майрамынын жүрүшүндө кесиптик лицейдин директору Буусара Жалалова мекеменин эмгек жамаатын жана окуучуларын куттуктап өттү.
«Урматуу менин окуучуларым жана мугалимдер жамааты сиздерди бүгүнкү кыргыз тилибиздин 27 жылдык майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Биздин мамлекет үчүн, элибиз үчүн бул күндөргө жетүү оңой болгон жок. Мисалга алсак айрым улуттар өз тили, гимни, желеги жана өз жерине жете албай келишет, биз болсок бүгүн тил майрамын белгилеп жатабыз — бул биз үчүн чоң сыймык жана байлык деп эсептеймин», — деди №7 кесиптик лицейдин директору Жалалова.
Майрамга Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Жалалиддин Рахматуллаев катышып, Кыргыз Республикасынын тил боюнча мыйзамынын кабыл алынгандыгына 27 жыл толгондугу менен жалпы мугалимдерди, окуучуларды, кыргызстандыктарды куттуктап, тил майрамын 23-сентябрда гана белгилебей күн сайын майрамдоо керектигин айтып кетти.
Майрамыдык салтанаттын жүрүшүндө лицейдин мугалимдери жана окуучулары тарабынан кызыктуу сахналык көрүнүштөр, бийлер, Манас айтуу, жаңылмач жана кыргыздын каада салтын чагылдырган оюндар сахнын көркүн ачты.

Айжаркын Эшназарова аталган лицейде көп жылдар бою кыргыз тилинен сабак берип келүүдө.
«Биз бир канча күндөн бери кыргыз тили майрамын жакшы деңгээлде өткөргөнгө колдон келген аракетибизди жумшадык. Мен өзүм кыргыз тилинен мугалим болуп көп жылдардан бери эмгектенип келем жана майрамды кесиптешим Ибрагим кызы Орунгүл менен, окуучулар менен биргекликте уюштурдук. Жалпы элибизди кыргыз тилинин 27 жылдык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын», — деди Эшназарова.
Кесиптик лицейдин окуучусу Полатбай уулу Дооранбек майрам өзгөчө өткөндүгү жана өзүнөн кыргыз тилине болгон чоң урмат сый сезимдери өткөндүгүн билдирип өттү.

Майрамдын жыйынтыгында концертке активдүү катышкандыгы үчүн мугалимдер жана окуучулар мактоо баракчалары менен сыйланышты.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
Сынак үчүн
КМ