Акыркы учурларда Учкун айылынын кайсы көчө жана чуңкурлар болбосун таштандыдан арылбай келет. Бул туурасында айыл тургундарынан сурамжылоо кылганыбызда, бул айыл өкмөттүн шалаакылыгы деп айтышты. Айыл өкмөт таштанды төккөндөргө 5000 сом айып пул деп, бирок бул шартка айыл тургундары али көнө элек.
Бул туурасында Учкун айылынын башчысы Максат Кулманбетов менен маек курдук.
Саламатсызбы! Биз айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө бул маселени көбү айтып чыгышты. Бул маселеге сиз кандай карайсыз?
— Негизи бул маселеге айыл тургундары менин оюмча кайдыгер карап жатышат. Кээ бир адамдар ойлошот эмеспи үйүм таза, короом таза, эшигим таза деп. Бирок өзүнүн жерин жана айылын такыр ойлошпойт. Бир гана кайдыгер эмес, өзүмчүлдүк дагы адамдын жан дүйнөсүндө да орун алган. Анткени бул жерден мен өтүп баратып көрдүм, адамдар чака-чайнегин, буюмдарын, деги эле бардык нерселерди көчө, машинелер өтчү жолдун чекесине ыргытышат. Муну менен мен эмнени айткым келип турат элдер кайдыгерликти тыштасак жакшы болмок. Мен магазиндерге дагы кирип барына эскертип чыктым, мындан кийин ар бири өзүнүн дүкөнүн алдына атайын урналдарды койгула деп эскерттим. Анткени дүкөндөн чыккан кийин балдар ошол ар кайсы нерселерди салууга орноткула дедим.

Негизи бул маселени кимдер кароого тийиш жана сиз кандай аракеттерди көрүп жатасыз таштандыларды тазалоо боюнча?
— Бул негизи мен бөлүп жара албайм да бир гана чоң кызматтагылар эмес айылдын тургундары дагы кароого тийиш. Анткени бул таштандыны чоң кызматтагылар арабалап алып келип, төгүшкөн жок. Бул тегерек четтеги эле элдин ыпластыгы. Ошондуктан бир гана чоң кызматтагылар кароого эмес, эл дагы буга көзөмөл кылууга тийиш. Эми мен биринчиден мурунтан бул таштандыга ар бир түтүн жана үй-бүлөдөн таштандыга айына 10 сомдон алынып турган. Мен эми мындан кийин ар бир түтүнгө таштанды үчүн 50 сомдон алынып турат.
Таштанды төккөндөргө 5000 сом штраф салынат деп жазылып турат ушул нерсеге кандай карайсыз?

— Мен негизи ал штрафтын салынганы туурасында билем. Бирок бул туура эмес. Анткени Учкун айылында таштанды төгүлүүчү аң жок. Качан таштанды төгүлүүчү жер бөлүнүп берилгенде гана 5000 сом штраф салганга укугум бар деп ойлойм.
Ушул туурасында кандай чаралар көрүлүп жатат?
— Жакында эле мектеп окуучуларынын жардамы менен аңды кичине болсо да тазалай алдык.
Маегиңизге чоң рахмат!
Даярдаган: Анжелика Касымакун кызы
Сынак үчүн
Редактору: Жанара Асанкул кызы