Сурамжылоодо айыл тургундар таштанды маселесин айтышкан, биз ал маселе тууралуу айыл башчы менен маек куруп, жакын арада унаа алынып келинерин кабарлаган эле. Бирок ал маселе азырынча чечилген жок. Себебин билүү үчүн айыл башчы менен экинчи ирет кайрадан маек курдук.
Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктар Дөлдөевдин айтымында, айылда сел болгонуна байланыштуу Чкалов айылындагы көпүрө кулап, мындан улам таштанды ташыган унаа келбей калган.
«Учурда көпүрө оңдолуп жатат, оңдоодон өткөндөн кийин өзүбүз айткандай эле унаалар келип таштандыларды алып кетишет», — деп айтты Дөлдөев.
Айылдын тургуну Асалкан Абдраимованын айтымында, элдик жыйындарда таштандыларды унаалар келип, ар айдын 15инде өздөрү алып кетет деп айыл өкмөтү айткан.
«Ошентип айтканына байланыштуу биз таштандыларыбызды көчөгө алып чыгып койгонбуз, бирок алып кетишкен жок», — дейт Абдраимова.
Эгерде таштандылар көчөлөрдө тура берсе, күн ысыкта жыттанып, оорулар пайда болушу мүмкүн» деп тынчсызданышат тургундар.
Автору : Адилет Канат уулу, Руслан Турсунбай уулу.
Редактор: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды