Эшбай Токсобаев атындагы мектептин мектеп парламенти 4-апрелде футбол боюнча “Учкунстан кубогу” аталышындагы мелдеш өткөргөн. Жамгырдын жааганына карабай 7-класстын окуучулары 16-апрелде аталган мелдешти демилгелеп уюштурду.
Бул мелдеш мектепте үчүнчү ирет өткөрүлүүдө. Мурунку оюндарды мектеп бүтүрүүчүлөрү өткөргөн эле. Эми 7-класстарга кезек келип, алар да мелдешти уюштурду.

Мелдештин уюштуруучуларынын бири Бекбол Сүйүнбек уулу “биз мурунку оюнда экинчи орунду алганбыз, командабыз менен кеңешип оюнду ушул күнү өткөрүүнү чечкенбиз” дейт.

Ал эми аталган мелдешке башкы калыс болгон айыл тургуну Кубанычбек Жанталиев окуучулар оюнга мурдагыдан жакшыраак даярдыкта келгенин айтты.

“Оюнчулардын деңгээли бир баскычка болсо да өскөн экен, мындай оюндардын болушу окуучуларыбызга спортко кызыгууга кичине болсо да жол ачат”, — дейт ал.
Оюндун катышуучусу Бекмырза Аскер уулу “ойноп жатканда катуу нөшөрлөп жаан жаады, бирок оюндун кызуусуна кирип кеткендиктен бизге жаан анча деле тоскоолдук кылган жок” дейт өз сөзүндө.

Жаандын катуу жаашы менен оюндар аягына чыкпай калды. Мелдештин уландысы 18-майда өтөөрү айтылууда.
Даярдаган: Алмаз Эшбаев
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн