«Ооган-Талаа айылында чакан ишканалар жок болгонуна байланыштуу биз көбүнчө башка жерге барып жумушубузду бүтүрөбүз» дешет айыл тургундары. Биз бул маселе туралуу айыл башчы Муктар Дөлдөев менен маек курдук.
Саламатсызбы, биз айылда сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Сурамжылоодо тургундар чакан ишканалар жок экенин айтышты. Бул маселеге көз карашыңыз кандай?
— Ооба, туура, айылыбызда чакан ишканалар жок эмес бар бирок аз. Мисалы, быйыл айылга үч банк курулду. Анан да мурунтан бери иштеп келе жаткан вино, сок чыгаруучу завод бар. Учурда биз чакан ишканалар куруу үчүн чоң долбор жаза баштаганбыз.
Банктардан башка да чакан ишканалар курулабы?
— Ооба курулат. Качан ошол чакан ишкана куруу долбору өтүп, жогору тараптан колдоо көрсөтүлсө, курулуу иштери башталат.
Ошол ишканаларга канча каражат кетет?
— Каражат өткөн долбоорго, анан да ишкананын чоңдугуна карайт, азырынча так эсебин айта албайбыз.
Долбор өтүп курулуш иштери башталып калса канча убакыттын ичинде аяктайт?
— Мурда АРИС боюнча бир долборубуз өтүп, мен бир жылдын ичинде техсервис ишканасын ачып бергем. Долбор өтүп курулуш иштери башталып калса 1-2 жылдын ичинде курулуш иштери аяктайт.
Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!
Автору: Руслан Турсунбай уулу, Адилет Канат уулу.
Редактор: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды