Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 11-класстын окуучусу Алмаз Эшбаев президенттигин өз каалоосу менен 10-классынын окуучусу Төрөгелди кызы Майрамга өткөрүп берди. Алмаз Эшбаев 2015-жылдын ноябрь айынан бери мектеп президенти болуп иштеп келген.

Мектептин президенттигин Эшбаев ушул жылдын ноябрь айында өткөрүп бериш керек эле. Бирок Эшбаев президенттикти мөөнөтүнөн эрте өткөрүп берүүнүн негизги себеби 11-класста бере турган Жалпы Республикалык Тестирлөөгө (ЖРТ) эртерээк даярдануу болчу дейт.
«Мен президенттикти декабрь айында өткөрүп берсемби деп ойлогом. Бирок алдыда ЖРТга эртерээк даярдык көрүшүм керек деген ойдо президенттигимди эртерээк өткөрүп берип жатам, жаңы президентке ийгиликтерди каалаймын», — деди ал.

Ал эми мектептин жаңы шайланган президенти Майрам Төрөгелди кызы президенттик милдетти татыктуу алып кеткенге жана окуучулардын ишенимин актоого аракет кылаарын айтат.
«Жаңы президент болом деп ойлогон эмесмин. Мага ишеним арткандары үчүн ыраазычылык билдирем жана ишенимдерин актаймын. Жакшы президент болууга аракет кылам. Татыктуу өткөрүп алдым эми татыктуу өткөрүп берем», — деди Майрам.

Мектептин 10-классынын окуучусу Дилбар Орозкожо кызы жаңы шайланган мектеп ажосу ишин татыктуу алып кетээрине ишенээрин жана классташы катары ага жардамын аябаарын айтат.
«Майрам менин классташым болот жана мен аны классташы катары жакшы билем. Ал президент болууга чынында татыктуу кыз. Биз кеңешип анан Майрамды президент болсун деп чечкенбиз. Эми мына мектептин жаңы президенти болуп калды. Албетте биз Майрамды колдойбуз жана президент катары ага баш ийебиз», — деген оюн айтты мектеп окуучусу.
Буга чейин жаңы мектеп президентин шайлоо менен окуучулар тандашчу. Быйыл президенттик шайлоо болгон жок. Президентти окуучулар мугалимдер менен кеңешип тандашты.
Даярдаган: Нурдан Адилет кызы
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн