Бакай-Ата айылындагы уюштурулган «Күнөскана» долбоору жаңы окуу жылынын башталышы менен ишке берилди. Аянты 240 чарчы метр болгон күнөсканага жалпы 1 миллион 137 миң сомдон ашык акча каражаты сарпталган.
Күнөсканага долбоордун атынан 572 миң сом, айыл өкмөтү тарабынан 280 миң сом, ата-энелердин салымы 170 миң сом, мектептин өздүк салымы 80 миң сом жана демөөрчүлөр тарабынан 35 миң сом бөлүнгөн.

Мектеп башкармалыгы азык-түлүк программасынын өкүлүн, өнүктүрүү демилгелеринин агенттиктерин жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысын Канимет Осмонбековду, айыл өкмөт башчысы Мирлан Исабеков жана курулуш иштеринде колдоо көрсөткөн айылдын атуулдарын күнөскананын расмий ачылышына чакырып, алардын катышуусунда кызыл тасма кесилди.

Ушул кунөскананы курууда көрсөткөн эмгектери үчүн Алымкулов Нурлан, Базарбаев Темирлан, Субанбеков Рустамдар айыл өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Ал эми иштин жүрүшүнө жетекчилик кылган Субанбеков Рустамга Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ыраазычылык каты ыйгарылды.
Даярдаган: Жантаева Жайнагүл
Сынак үчүн:
СҮсөн