Абдылбаев Жумагул агай конушунда быйыл 500 түп тал жана 500 түп терек айдалган эле. Учурда алардын тең жарымы куурап калган.
Айыл башчы Касмакун Мамырбаев тал-теректердин куурап калганын мындайча түшүндүрөт.
«Биз мектеп окуучулары менен бирге миң түп тал-теректерди казып келип отургузганбыз. Арык тарттырып бергенбиз? тилекке карышы алар куурап калды. Жаз кургакчыл болуп, анан шамалдын кесепетинен ал дарактар куурап калды»,- дейт Мамырбаев.
Отургузууга жардам берген Майрам Төрөгелди кызынын айтымында, паркты суугарганда суу аягына чейин жепейт.
«Баш жагын сугарышат. Анан парктын кароолчусу өзү малдарын жайып, уйларын аркандайт. Ошолордун кесепети тийип жатат»,- деген пикирде Төрөгелди кызы.
Ал эми мындай пикирге кароолчунун уулу Максат Аскер уулу кошулбайт.
«Мен бул паркты үч ирээт сугаргам. Паркты жакшы эле сугаргам. Жалаң аяк жагына талдарды тигип коюшуптур. Тал деген оңой менен өспөйт да. Жаз да кургакчыл болду, ошол себептен тал-теректер кургап калды»,- деген жүйөөсүн айтты Аскер уулу.
Даярдагандар: Найзабек Мукамбет уулу, Айдай Мүдүнова