Эми учкундук окуучулардын англис тилин үйрөнүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Анткени Американын Массачусетс штатынан Дениел Джел аттуу англис тили мугалими айылда эмгектенмекчи.
Дениел 23 жашта. Ал өзү тууралуу төмөнкүлөргө токтолу.
«Мен Филадельфия штатындагы «Сейнт Джосеф» университетинин бүтүргөм. Учкунда балдарды окутуп, дагы эки жыл бул жерде жашайм»,-деп белгилеп өттү.
Азыркы кезде Нарын районунун Учкун айылындагы Токсобаев орто мектебинде 50дөн ашык бала англис тилин үйрөнүп жатат.
«Мен Нарын шаарынан келдим. Чкалов мектебинде окуйм. Чоңойгондо котормочу болгум келет. Ал максатыма азыртадан аракет кылып жатам»,-дейт англис тилин үйрөнүп жаткандардын бири Айдана Адилет кызы.
Балдарынын алдыга умтулганына ата-энелер да кубанышат. Гүлмира Аскарова сабактардын кызыктуу өтүп жаткандыгын кызым аркылуу эле билип алууга болот дейт.
«Кызыбыз дайыма ийримден келгенде ар түрдүү оюндарды ойногонун, кызыктуу өткөнүн айтып келет. Кызымдын айтканынан эле ал абдан балдарды өзүнө тартып, кызыктырып окутаарын түшүнөм. Кээде мектептен жолугуп турабыз»,-дейт Аскарова.
Кээ бир айыл тургундары Даниел Джел менен жакшы тил табышып алышкан.
«Мага Учкун эли абдан жакты. Алар меймандос жакшы адамдар экен. Эки жыл ичинде көп нерсени билип алам деген ойдомун»,- дейт Даниел Джел.
Даярдагандар: Найзабек Муканбет уулу, Айканыш Адил кызы.