Көпүрөнү оңдоо үчүн өкмөттөн 13 миң сом каражат бөлүнгөн. Аны оңдоого айыл тургундары Төрөгелди Баялиев жана Жеңишбек Шүгүралиев жардам берген.
Көпүрө буга чейин кооптуу абалда турган жана аны айланып өткөн айыл тургундары жабыркагандыгы тууралуу жазган элек.
Учурда көпүрө оңдоп-түзөлүп, андан эл кыйынчылыксыз өтүүдө.
Көпүрөнүн кооптуу абалга кептелиши туурасында айыл башчысы Касымакун Мамырбаев төмөнкүлөргө токтолду.
«Ал 2014-жылы урап калган. Ураганынын себеби болсо ошол жерге Райхан Жусупов суу алуучу бара курган да, ал тынымсыз токтобой айлана берип суу көпүрөнүн жээгин алып кеткен. Ошол себептен көпүрө ураган», — деп айтып берди айыл башчы.
«Айыл тургундары башка көпүрө менен өтүүгө аргасыз болгон. Азыр эми айыл тургундары эч кыйынчылыксыз көпүрдөн өтүүдө», — деп кошумчалады Мамырбаев.
Даярдагандар: Майрам Төрөгелдиева, Тонгонай Шашыбекова, Айдай Темирбекова.