Кетмен-Дөбө айыл аймагында караштуу Терек-суу жана Чон-арык айылдарында ПРООНдун ак-ниет башкаруунунун илгерилетүү долбоорунун негизинде электрондук китепкана ачылды.
Жаңы ачылган электрондук китепкана аркылуу жакшы мүмкүнчүлүктөр да тузулду. Мурда издеген китептерибизди таба албай, же эски болуп, толук окууга мүмкүн болбой калган учурлар да болгон.
Азыр эми болсо электрондук каталог аркылуу каалаган китептерибизди толук окууга, оңой жана ошол эле жерден окубастан электрондук вариантын алып жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Терек-Суу айыл аймагындагы китепканада 30 жылдан бери эмгектенген Акылай Меймановна мындай дейт.
«Электрондук китепкананын келиши менен маалымат алуу жана байланыш тармактары тездейт. Окурмандардын кызыгуусу артып, китепканага келген окурмандардын саны көбөйөт. Мурда алар аргасыздан эски китептерди окуган жана издеген китебин да таба алышчу эмес. Эми бизге электрондук каталог жана интернет аркылуу маалымат табуу оңой болуп калды», — дейт китепканачы Мейманова.
Мындай жаңылык айыл тургундарын сүйүнтүп жаткандыгын окуучулар да жашырган жок. Себеби электрондук китепкананын негизги окурмандары — булар окуучулар. Мырзагул 11-классынын окуучусу. Ал өз оюн төмөнкүдөй билдирди.
«Окуучулардын билимин тереңдетет жана олимпиадага даярданууда, рефераттарды жазууда чоң жеңилдиктерди келтирет».
Ачылган электрондук китепкана жеке эле окуучулар үчүн эмес, мугалимдер үчүн да чоң жанылык. Электрондук китепкана мугалимдердин ишин жеңилдетип, сабакка даярданууга чон жардамын тийгизет. Электрондук китепкананын билим берүүдөгү пайдасы жөнүндө Терек-Суу орто мектебинин англис тили мугалими Чакиева Айгүл мындайча токтолду.
«Ачык сабактарга, салтанаттуу линейкаларга, сабактарды пландоодо пайдасы чоң».
«Көп окуган — көптү билет» деп айтылгандай окурмандардын жакшы жаңылыгы менен куттуктап ийгилик каалайбыз.
Даярдаган Каленбаева Санавар