2019 жылдын, сентябрь айында Талас өрөөнүндө Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары өткөрүлүшүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилеген.
Азыркы учурда, спорт оюндарынын графиктери бекитилди. 16- сентябрдан тарта спорттук мелдештер башталат, ал жерде күрөш, улак тартыш, ордо жана башка улуттук оюндар болот. Мелдештер Талас шаарынын ат майданында жана «Газпром» спорт комплексинде өткөрүлөт.
Улуттук спорт оюндарына карата, Талас шаарынын ат майданы жаңыланып, ага 30 млн сом сарпталууда. Ошондой эле Талас шаарынын бир нече ички жолдору оңдолуп, асфальт төшөлдү.
Күтүлүп жаткандай, оюндардын маданий бөлүгү — этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү Райкан Алканов атындагы ипподромдо болот. Учурда Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө. Расмий ачылышы 21- сентябрь күнүнө пландалууда.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова