Суусамыр жергесинде кар жаап бак-дарактардын кулоосуна, электр зымдарынын үзүлүшүнө алып келди.
Бул тууралуу Суусамыр жергиликтүү кеңешинин депутаты Урмат Алыпсатаров билдирди: «9-сентябрь,2019- жылы Суусамырга кар жаап, аба-ырайы бузулду. Бүгүн Суусамыр айыл өкмөтү менен бирге айдоо аянттарын кыдырып, жайлоолордогу малчылардын абалы менен таанышып келдик. Айдоо аянттарындагы түшүмдү (арпа, буудай) кар басып, өтө начар абалда. Биз бул туурасында ӨКМге жана тиешелүү жактарга кайрылуу жасадык. Өзүбүз азыркы учурда алыскы жайлоодогу калып калган тургундардын малын техника менен барып, алып келүүгө жардам бергени турабыз. «
Андан тышкары Кожомкул, 1-май айылында электр столбалары кулаган. Суусамырда быйыл 6100 гектар аянтка арпа айдалып, анын 5000 гектары кар алдында калды.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы