Региондордогу жаштар Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты» китебин колдонуу менен иштелип чыккан, заманбап ыкмада англис тилин ватсап аркылуу үйрөнүүдө.
Бул ыкманын автору Гүлсара Мадаминова:
«Англис тилин үйрөтүү программасын Гапыр Мадаминовдун жетекчилигинде иштеп чыгып ийгиликке жетиштим. Курста кыска убакыттын ичинде окуган окуучуларымдын алды АУЦАда, Ала-Тоо Эл аралык университеттеринде билим алып жатышат. Акыркы мезгилде региондордогу жаштардан каалоочулар өтө көп болгондуктан ватсап аркылуу үйрөтүү ыкмасын иштеп чыктым. Буюрса жакшы натыйжа берет деп айта аламын»,- дейт Гүлсара Мадаминова.
«Гүлсара эжеден англис тилин үйрөнгөнүмө аз эле убакыт болгонуна карабастан эркин сүйлөй баштадым. АУЦАга бюджеттик негизде студент болгонума да ушул себепчи болду»,-болду дейт Айзада Эркинова.
«Бишкектеги салттуу болуп калган ыкма менен окуткан көп эле курска барып жүрдүм. Качан гана досторумдун сунушу менен Гүлсара Мадаминовада окуй баштаганымда үйрөнүп жаткан билимиме өзүм канааттана баштадым. Бул курс мага окшогон региондордогу жаштарга өтө пайдалуу экен»- дейт кыргыз тили боюнча республикалык деңгээлдеги олимпиададан 2-орунду алган, Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын гимназисти Канайым Абдигапарова.
Даярдаган: Бакытбек САПАРКУЛОВ