Нарын районуна караштуу Жерге-тал айылында Улуттук каада-салт фестивалы болуп ɵттʏ.Фестивалда кɵчмɵн кыргыз элине тиешелʏʏ болгон улуттук буюмдар,улуттук каада-салт, оюндар кɵрсɵтʏлдʏ.
Фестивалды уюштурган Бакыт Асакеев кандай максатта ɵткɵруп жатканын айтып ɵттʏ:
Негизги максаты,улуттук каада-салтты калыбына келтирʏʏ.Кыргыз болгондуктан ɵзʏбʏздʏн улуттук каада-салтты жогорку денгээлде билʏʏ.Бул айылда кол ɵнɵрчʏлɵр кɵп болгондуктан фестивалды Жерге-Тал айылында ɵткɵрдʏк.Ал эми кол ɵнɵрчʏлɵрдʏн жасаган буюмдарын чет жака чыгаруу.
Катышуучу баатыр эне Нургазиева Шайгʏл апа ɵтʏп жаткан фестиваль боюнча тɵмɵндɵгʏлɵргɵ токтолду:
Фестивалга катышып жатканыбыздын себеби эки неберебиздин тушоосун кескени турабыз.Кол ɵнɵрчʏлɵрдʏн жасаган улуттук буюмдары бизге кызык болуп жатат.
Фестивальга чакырылган коноктордун бири Кыргызстан Кол Ɵнɵрчʏлɵр кенешинин президенти Карыбекова Жамбы фестиваль боюнча жогорудагыларга токтолду:
2017-жыл Ыйман,адеп жана маданият жылына карата баардык жерлерде улуттук нукура кыргыздын баалулугун,каада-салтын,ɵнɵрлɵрʏн элге жайылтуу катары фестивалдар ɵтʏп жатат.Нарын районунда биринчилерден болуп Жерге-Тал айылында ɵткɵрʏлʏʏдɵ.Жерге-Тал айылынын ɵнɵрлʏʏлɵрʏ менен Нарын обласы сыймыктанат.
Унутулуп бара жаткан улуттук каада-салттарыбызды жандандыруу максатында ɵткɵрʏлгɵн бул иш чара жогорку деңгээлде ɵтʏп,келген коноктор эң жакшы деген баа берип кетишти.Мындан ары дагы айылыбыздын келечек муундарына таасирлʏʏ болгон ушундай иш чаралар тез-тез ɵтуп турат деген ойдобуз.
Даярдагандар: Гулипа Амангелдиева,
Урмат Мамбеталиев. (Конкурс учун)