Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын мал доктуру Бакыт Чороевге «Арис» программасы тарабынан мотоцикл ыйгарылды.
Мотоцикл алыс аймактарга барып, малдарды дарылоо үчүн берилди дейт Бакыт Чороев.
«Терек-Суу айылында 2 ветеринар бар, 2 жогорку ветеринар, 1 ветеринардык санитар. Кетмен-Дөбө айыл аймагынан 2 ветеринар мотоцикл алды, анын бири Чоң-Арык айылынын мал доктуру Керезбек уулу Дөөлөтбек, бири Терек-Суудан мен Бакыт Чороев. Мамлекетибиздин жардамы менен болду, буга чейин ветеринарлар эч убакта каралбай келген. Жалаң жеке ветеринарларга берилди. “Арис” программасы тарабынан каржыланды», — деп токтолду Чороев.

Ошондой эле, айылдын мал доктуруна идентификациялоо иштери тууралуу суроо узаттык. Анын айтымында, мал жандыктарын идентификациялоо иштери Терек-Суу айылында март айында башталган.
“Идентификация иштери 2017-жылдын март айында башталып, толук май айында бодо малдардын жана саан уйлардын 50 пайызынын кулагына бирка басып, базага каттап, акчаларын төгүп бүтүрдүк. Экинчи этабы күзүндө октябрь айында башталат. Идентификация — бул ЕАЕБдин талабына жооп бере турган, заманбап продукция чыгаруу үчүн жасалып жатат. Мисалы, биздин малдын ден соолугун текшергенге, малды сатканга, мал каттоодон так каттаганга жакшы жардам берет. Идентификациялоодо мал ээси 70 сом төлөйт, 40 сом бирка үчүн кетет, 30 сом ветеринардын эмгек акысы”, — деп айтып берди ветеринар Чороев.
Ал Терек-Суу айылында шарп, кара өпкө оорулары көбүрөөк болуп калаарын, аларды алдын алыш үчүн, жазда, күздө эмдөө жүргүзүшөөрүн айтты.
Малдын дары-дармектери жетишсиз болгондугуна байланыштуу дарыларды ар ким өзү сатып алаарын кошумчалады Чороев.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Конкурс үчүн