Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын тургундары ɵздɵрү каражат чогултуп, кɵчɵлөрдү жарыктандырып алышкан.

Жарык коюу демилгесин Тогуз-Булак айылынын башчысы Рысбек Турсуналиев көтөргөн.
«Кɵчɵбүз жарык болуп турса жакшы болмок. Башка айылдарды кɵрүп намыстанып жарыктандырдык. Элдин чогулткан акчасы менен 50-55 миӊдей каражат кетти», — деп билдирди Турсуналиев.
Айыл тургуну Калыбек Мусаевдин айтымында, жашоочулар 200 сомдон чогултушкан.
«Айыл башчы Турсуналиев Рысбек Бишкектен спонсорлорду таап каражат чогултту, ал эми айыл тургундары 200 сомдон чогултуп бердик. Мамлекетке зыяны жок, ɵзүбүздүн үйгө коштурдук», — деди ал.
Даярдагандар: Гулипа Амангелдиева, Элиза Темирбекова.
Конкурнс үчүн