Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын жайлоолорунда быйыл мал өлүмү көп катталууда. Бул илдеттерге каршы вакциналардын жетишсиздигинен улам болууда.
Быйыл өлгөн малдардын саны 70ке жакындап калды. Бул көрсөткүч айыл эли үчүн көптүк кылат. Себеби ар бир кожолукта экиден онго чейин эле ири мүйүздүү мал бар. Жайлоодогу өлгөн мал суунун боюнда, арчалардын астында көмүлбөй жатат. Бул көрүнүш жугуштуу оорулардын тез таркашына алып келиши мүмкүн. Мал доктурлар өлгөн малдан анализ алып, кандай оорудан өлгөнүн аныктай элек.



Бул тууралуу Сумбула айылынын мал доктуру Гиязидин Гиязидинов менен маектештик.

“Бул ооруларды аныкташ үчүн оорулуу малдардын ички органдарын мал доктур атайын лабараториядан өткөрүшү керек. Ошондо кандай оору чыкса, ошого каршы даарылоо керек. Азыр жайлоодо мал өлүмү 60-70ке жетти. Калгандары тирүү жүрөт. Тирүүлөрүн толук даарылоодон өткөрүү зарыл. Учурда аксыл оорусу менен малдар көп ооруп жатат. Аксыл оорусу малдан малга тез жугат. Бул оорулардын өрчүп кетпөөсү үчүн малды убагында дарылап туруусу керек”, — деп билдирди Сумбуланын мал доктуру.

Бул оорулардан коркуп элдер убагынан мурда жайлоодон айылга малдарын айдап келип, өз короолорунда карап, малдарын дарылап жатышат. Айыл тургуну Бегалы Жанибеков да өз малын короосуна айдап келген.
“Быйылкы жылы Сумбула айылында мал оорулары өтө күч алды. Айрыкча аксыл, карасан илдеттери күч алып, жайлоолордо малдар көп өлүп жатат. Элдер жайлоодон малдарын алып келишип, өз короолорунда карап жатат. Мен дагы ири мүйүздүү малдарымды алып келип, короомдо карап жатам. Бизде негизги көйгөй илдеттерге каршы вакциналардын жетишиздиги болуп жатат”, — деп билдирди айыл тургуну.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
“Конкурс үчүн”