9-Сентябрь Ысык-Көл районундагы Корумду айылындагы Карамолдо Орозов орто мектебинде “Улуу Карамолдого таазим” аттуу иш чара болуп өттү. Иш-чарага белгилүү комузчу, СССР дин эл артисти Самара Токтакунова жана Нарын, Талас облустарынан, Каракол шаарынан келген жаш комузчулар, Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кочоров жана жергиликтүү тургундар катышты.
Келген жаш комузчулар кыргыз күүлөрүн аткарышып, Карамолдо Орозов мектебинин “Сайра комуз” кружогунун окуучулары Карамолдо атанын күүлөрүн аткарып беришти. Иш- чаранын соңунда мектеп директору Максаткүл Мамытова Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм Министирлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланды.
Бул иш-чара өтүлгөндөн кийин, Карамолдо Орозов орто мектебинде комузга болгон кызыгуу жанданып, комузга катышкан окуучулардын саны мурун 20-50 окуучуну түзсө, азыр 100 дөн ашык окуучу комуз ийримине тартылып «Устат- Шакирт» долбоору менен келишим түзүлдү.
1-5 класстар үчүн салттуу музыка- комуз сабагы киргизилип сабактар өтүлө баштады. Ата-энелер колдоо көрсөтүшүп, балдарына комуз сатып беришүүдө.