Залкар жазуучу Чынгыз Айтматов ɵз чыгармаларында: «Баарынан мурда сɵз жаралган»-деп айткан. Ата -бабаларыбыз жаш муунга бардык нерсени сɵз менен түшүндүрүп келген. Ошондон «Айтылган сөз, атылган ок» деген макал калган.
Макал кыргыз баласынын жашоосунда чоң мааниге ээ болуп, турмуштагы ар кɵрүнүштɵргɵ карата ылайыктап айтылып, ошо нерсенин маани маңызын ачып кɵрсɵтүп бере алган.
Гулмира Өмурзакова бизге кээ бир макалдардын чечилишин түшүндүрүп берди:»Макал-лакаптар бул кыргыз элинин кɵɵнɵрбɵс мурасы. Макал бул терең философия. Мисалы,»Жамгыр менен жер кɵгɵрɵт, бата менен эр кɵгɵрɵт». Ооба жамгыр жааса жер бетине кɵк чɵп чыгат , ал эми бата менен адамдын зоболосу көтөрүлөт. Ушул сыяктуу макалдар көп жана ар бирин чечмелей берсек болот,» — деди Гулмира Өмурзакова.
Азыркы маалда жаш муундун аң-сезими такыр башка жакка бурулуп жатат. Ушул макалдарды айтып мисал келтирип, аларга түшүндүрүп берсек биздин жаштардын адеп-ахлагы ɵзгɵрɵт деген ишенимдебиз. Анткени улуу сɵздун күчү ушунда».
Даярдаган: Айсулуу Нурматова