Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылынын К.Иманалиев орто мектебинде “Муундар аралык байланышты бекемдɵɵ, унутулуп бара жаткан улуттук каада-салтты жандандыруу” темасында ачык сабак ɵткɵрʏлдʏ.
Бул иш-чара айыл аксакалдары, энелер, актив лидерлери жана мугалимдердин катышуусунда ɵтʏп, жаш муундардын табиятка болгон мамилеси, айлана-чɵйрɵгɵ салкын мамиледен улам, учурда кездешип жаткан терс кɵрʏнʏштɵр тууралуу талкуу менен ɵттʏ.

Кара-Чий айылдык ден соолук комитетинин башчысы, айымдар кенешинин тɵрайымы Салика Турдакунова ачык сабак тууралуу тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолду:
— Бʏгʏнкʏ муундар аралык байланыш жана кыргыздын салттарын жаш ɵсʏп келе жаткан муундарга калыптандырууда ɵтʏлгɵн иш-чара эң жакшы натыйжа берди деп ойлойм. Бул жерде мектеп окуучулары да эң жакшы активдʏʏлʏгʏн кɵрсɵттʏ, келген ата-энелер да ɵз ойлорун айтышты.
К.Иманалиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Калмира Исмаилова ачык сабак жогорку деңгээлде ɵткɵндʏгʏн айтты.
— Бул ачык сабакта жаштар арасында ынтымакты жана биримдикди бекемдɵɵ менен жаштарды ынтымакка чакырды жана кɵптɵгɵн окуучулар катышып жаш муундардын табиятка болгон мамилесин шыктандырды.
Бул иш-чаранын негизги максаты — салттуу маданиятты жана унутулуп бара жаткан улуттук каада-салтты кийинки муунга ɵткɵрʏп берʏʏ болду.
Даярдагандар: А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучулары Аиза Жанышова, Элина Темирбекова, Нурай Эсенгулова.