Сокулук районундагы, Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейдин «Ашпозчу» кесибинде окуган окуучулар өндүрүштүк окутууда фуршеттик дасторконду даярдашты. Окуучулар аны менен бирге кардарлардан буйрутма алуу, алган буйрутмалардын эсебин чыгаруу, сатып алууда азыктарды тандоо, өздүк гигиенаны сактоо жана эмгек коопсуздугу боюнча талкуулашты. Ал эми алынган буйрутманы аткарууда устаттардын дасторкондогу тамакты даамдуу гана кылып даярдабастан, көз жоосун алгыдай кооз көрсөтүү керектигин үйрөттү.
Кыргыз эли майрам десе, ала-тоодой эт, ала көлдөй чык кылып болгон тамак ашты дасторконго жайнатып, жылчык калтырбай дүйүм тамакка толтурган меймандос калк. Бирок замандын өзгөрүшүнө ылайык учурда тасмалдын форматы өзгөртүүлүүдө. Бул жөнүндө №43 кесиптик лицейдин улуу устаты Сажида Саадабаева айтып берди.
«Эң башкысы конок тосууда жегиликтүү, даамдуу, сиңимдүү ден соолукка пайдалуу тамактарды маалы менен алмаштырып тургудай аз-аздан койгон жакшы. Ал эми мен бүгүн өндүрүштүк практикалык сабакта фуршеттин көркүн ачкан даамдар жөнүндө айтып бердим. Фуршет — бул чогулуп тамактануу. Ар кандай өткөрүлгөн иш чараларда, майрамдарда баарлашуу үчүн уюштурулат. Чакырылган коноктор баарлашып, өзүн өзү тейлешип, каалаган тамагын салып жеп турганга ылайыкталат. Фуршеттик дасторконго коюлуучу эң негизги даамдар канапенин түрлөрү, бутерброддор, тарталеткалар, жана муздак же ысык закускалар. Закускалар ар кандай болот, эттин түрлөрүнөн, балыктын түрлөрүнөн же болбосо сырдын түрлөрүнөн ж.б. даярдаса болот».
Андан сырткары жашылча-жемиштер боюнча карвинг искусствосу өтө чоң чеберчиликти талап кылат. Адистин айтымы боюнча атайын ыңгайлуу бычактар болуш керек.
«Менин байкашымча азыр эл эки үч жылдан бери кой, уй этине караганда канаттуунун этине көп басым жасап башташты, өзгөчө үндүктүкүнө. Учурда элет жергесинде да ар бир үй бүлө тоок кармайт. Андыктан канаттунун эти, шорпосу ден соолукка өтө пайдалуу жана сиңимдүү», — дейт Сажида Саадабаева.
Фуршет учурунда дасторкон жайуунун дагы бир маанилүү элементи — салфеткалар, алар кооз формада болуп жана дасторкон менен айкалыштырылышы керек.
Турсун Омуралиева