Талас районундагы Кууганды айыл өкмөтүнүн Үч-Эмчек айылында жашаган уз чебер Толсун Көкөева таажы тумоосу башталып, кыргызстандыктар карантинге чыкканда шаардан келген небере кыздары менен бирге курак курап, сайма сайып, билгенин кыз-келиндерге үйрөтүп, күндүн кантип өткөнүн билбей узанып, карантиндин үч айлыгын өткөрүштү.
— Оору басылбай күчөгөнүнөн улам, кыздарыбыз он лайн менен окуп, жайлы-жайлата үйдө болушту. Бош учурларында мага жардам берип, сайма сайып, курак курашты. Кийиз басып, жүн тытып, шырдак шырып айтор, тынбай иштей бердик,-дейт уз Толсун эже.
Толсун эженин айтымында бул үй бүлөгө таажы тумоосунун залакасы эмес, пайдасы тийген сыяктуу.
-Жумушу жокторго жаман болду го, себеби зеригишти деп ойлойм. Биз болсо үй бүлөбүз менен тынбай пайдалуу иш жасап, эл башына келген кыйын учурда үй бүлөбүз менен чогуу чаран бирге болдук. Мен тестиер кезимде сайма сайып, курак кураганды апамдан үйрөнгөм. Апам Гүлүмкан ушул эле райондун коңшу айылынынан Манастан эле. Биз бала кезде азыркыдай түркүн түстүү жиптер жок, жүндү жууп, тытып жипти ийрип даярдап алчубуз. Анан ийрилген жипти боёкко салып, сайма сая турган жипти даярдап алчубуз. Анан матага сүрөт салаарда калем жок болгондуктан тузду абдан чылап чийдин учуна кичинекей пахта ороп ошо менен матага из салабыз. Азыр жиптин да, калемдин да миң түрү бар. Ал кезде сүрөт да тапчу эмеспиз, открытка тапсак сүйүнүп ошонун гүлүн саймага салаар элек, -деп балалык кезин эстеп олтурду Толсун Көкөева.
Толсун эженин небереси Алтынай мектеп окуучусу. Башка кыздардай бош убактысын телефон тиктеп өткөрбөй үй тиричилигинен бошо калса чоң апасынын жанынан отуруп сайма саят.
-Сайма сайганды жакшы көрөм, кичинемде эле чоң апамдан үйрөнгөм. Чоң апама интернетттен саймага ылайыктуу жакшы сүрөттөрдү, оюм чийимдерди таап берсем аябай кызыгып көрөт,- дейт Алтынай.
Билгенин башкаларга жайылтып, жаштар үйрөнүп, улуу өнөрдүн уучу узарса экен деген Толсун эне заманыбыз тынч болуп, коронавирус илдети жоголсо деп тилейт.
— Айылда бири-бирибиздин үйлөрүбүзгө кире албай ким ооруп жатат, кимден жугат деп үрөйүбүз учуп калды. Айылда дарбазалар жабылып, балдарыбызга чейин үйдө камалып олтуруп калдык. Мындай учурда карапайым элди тынбаган тиричилиги, дыйканчылык сактап калды. Ооруга карабай талаабызды айдап, үйдөн да тынбай иштеп убакыттан утулбайлы деп аракет кылып жаттык. Эми акырындап оору азайып баратат деп күнүгө угуп көрүп жатабыз. Ушул атың өчкүр жаман оору биротоло жок болуп баягы тынч жашообуз келсе экен!
Толсун эженин көз майын коротуп, бармагын майыштырып жасаган буюмдары балдарынын үйлөрүндө аздектелип сакталып турат. Жакында Толсун эженин небереси үйлөнөт. Буга жетине албай чоң эне небере келинине арнап жаздыкчаларды жасап жатат.
Ал эми Таластык ишкерлер карантин маалында иш солгундап, тикмечилердин айлыгы азайгандыгын белгилешти.
Мира Сейдикеримова