Шарп ылаңы эмнеси менен коркунучтуу, кантип даарылоо керек, шарпка каршы вакцина качан берилет? Ушул жана башка суроолорго ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов айтып берет.
— Шарп ылаңы ача туяктуу (уй, кой, эчки) айыл чарба малдарынын ылаңы болуп саналат. Башка мал жана канаттуулар бул оору менен оорубаганы менен адамдар шарпка чалдыгып калышат. Иттер бул оору менен оорубайт бирок, ооруну алып жүрүүчүлөр катары белгилүү. Шарп ылаңы өтө курч өтүүчү, өтө тез өнүгүп тез жайылуучу ылаң. Аз убакыттын ичинде облусту, районду, республиканы каптап кетиши мүмкүн. Шарп менен уй ылаңдап калса сүттүүлүгү 30% төмөндөйт, арыктайт. Эгер өзүндө дагы башка оору болуп жаткан болсо шарпка чалдыгып калса 2 ооруну көтөрө албай өлүп калат.
Чет өлкөдө мал шарп менен ылаңдап калса жок кылышат. Бизде болсо шартка жараша аны дарылап жатабыз.
Бул экономикага түздөн-түз таасирин тийгизет. Ошондой эле шарп улам өзгөрүп турганы типтери жана варианттары болгону менен айырмалынып турат. Башкача айтканда вирус мутацияланат. Бир мал ар кайсы варианты менен ооруй бериши мүмкүн. Вирус айлана чөйрөгө туруктуу келип, узак убакыт жашай берет. Мисалы, уйдун терисинде 4 жумага сакталат, чөптө 8-15 жумага чейин сакталат, агын сууларда 102 күнгө чейин сакталат. Малдын организми дагы ылаң менен күрөшөт ошондо түрлөрү өзгөрүп кетиши мүмкүн. Дарылоодо алгач мал доктур лабораториялык жол менен кайсы түрү менен ооруп жатканын аныктап, ошого жараша вакцина жасоо зарыл.
Кантип оору менен күрөшсө болот?
— 10-15 жыл мурун эки жылда бир шарп ылаңы толкун сыяктуу пайда болуп турчу. Ал кезде мамлекет вакцинага анча көп каражат бөлчү эмес. Мындан улам шарп 2-3 жылда бир каптап турчу. 2010-жылдан баштап бул ылаң азайып баратат. Себеби алдын- алуу жолу вакцина менен биз шарпты көзөмөлдөп келе жатабыз. Учурда мамлекет 60-90млнго чейин акча бөлүп каржылайт. Эл эмдөө жүргүзгөн жергиликтүү мал доктурга кызмат акысын гана беришет. Бир жылда 2 ирет жаз жана күз айларында вакцина кылып келе жатабыз.
Оорунун белгилери:
— Шарп ылаңында малдын дене табы жогорулайт, ооз көйдөйүндө жаралар пайда болот. Ооздон шилекей агып мал чөп жей албай калат. Айрым учурларда болсо уйдун желинине же туяктарына жаралар пайда болушу мүмкүн.
Малыңыз шарп менен ылаңдап калса эмне кылуу керек?
— Оорунун алгачкы белгилер байкалган учурда тезинен мал доктурга кайрылуу керек. Тиешелүү адис ооруп жаткан малды каттап башкалардан обочолонтуп керектүү жумуштарды кылат. Короодон шарп ылаңы чыккан болсо башка оорубаган малды дагы оозун тазалап туруу зарыл. Ал үчүн марганцовка менен малдын кара тузун аралаштырып 2 маал тазалап туруу керек.
Оорулуу малды эч качан жайытка же жайлоого алып чыкканга болбойт
Малга антибиотик колдонуп жаткан учурда сүтүн ичип, этин жегенге болбойт
Айгерим Кубатбекова