Ысык-Көл облусунун журналисттерине «Чыр- чатактарга сезгичтик журналистика жана шайлоо мезгилиндеги журналисттик иш- аракеттеринин укуктук аспектилери» деген тренинг болуп өттү. Журналисттер чыр-чатактарды көп чагылдыргандыктан медиация тууралуу окутуу идеясы келип чыккан.
Медиатор Гүлсина Кожоярова медиация борборунун максаттары тууралуу буларга токтолду:
«Улуттук медиация борбору 2011-жылы түзүлгөн. Анын негизги максаты, Кыргызстанда талаш- тартыштарды, чыр- чатактарды соттошуу жолу менен эмес, тынчтык жолу менен сүйлөшүү аркылуу чечүүгө элди даярдасак деген ойдо да.
Медиация бул…
Илгери биздин ата- бабаларыбыз бар учурда бир кандай талаш тартыш чыкса, биздин тарыхыбыз көрсөтүп жатат. Мисалы, Көлдү алсак, жети аке, даанышман акылман кишилердин жардамы менен жакшы жол менен чечилчү эле. Ушул күндө жаңы ыкмалар менен киргизилген нерсе. Мындай түшүндүргөндө сүйлөшүүлөр атайын 3- тарап бул, медиаторлор ошолордун жардамы менен өтөт. Тартышып аткан адамдар эки тарапка тең туура чечим чыгарыш керек. Ошол чечимге экөө тең ыраазы болуш керек.
Сот менен айырмачылыгы бул…
Улуттук медиация борбору бүгүнкү күндө жети дубанда тең өзүнүн өкүлчүлүктөрү бар. Негизи максатыбыз ушул медиация элет жеринде өнүксө элдер сотко чуркабай, тынч жол менен чечкенге аракет кылышат. Себеби, билебиз сотто эки тарап тең бири-бирине атаандаштык катары мамиледе болушат. Көп учурда үй- бүлөлүк талаш тартыштарда же бизнес чөйрөдөгү талаштар мамлекетибиз кичинекей болгондор кийин бири-бирибиз менен катташа албай калган учурлар көп болот.
Ошол себептен, медиациянын дагы бир соттон айырмачылыгы өтүп кеткен нерсе менен иштебей, келечекке карай, келечекте кандай кылабыз, өзүбүз менен мамилени кандай түзөбүз, ушул талаш тартышты чечкенден кийин бири-бирибизге кандай карайбыз деген максатта ишти алып барабыз».
Онлайн тренинг болуп жаткан учур
Ысык- Көл облустук улуттук медиация борборунун жетекчиси Сагынова Чайгүл Болотхановна:
«Кыргызстандагы «Медиа диалог» долбоорунун сунушу менен 24-29-августтарда массалык маалымат каражаттарына беш күндүк вебинар өткөрүлдү. Уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын улуттук митиация борбору тартылган. Тренингдин темасы, «Чыр- чатактарга сезгичтик журналистика жана шайлоо мезгилиндеги журналисттик иш- аракеттеринин укуктук аспектилери. Техникалык жана финансылык жардамды «Медиа диалог» долбоору колдоого алган»,- деди.
Улуттук медиация борборунун Ысык-Көл областындагы филиалынын жетекчиси: Сагынова Чайгүл Болотхановна
Медиа чөйрөнү жакшыртууга жана сапаттуу журналистиканы колдоого жардам бере турган иш чара…
Ар бир шайлоолордо жана андан тышкаркы убактарда массалык маалымат каражаттары ар кандай конфликттүү ситуацияларда, чыр- чатактарда, талаш- тартыштарды көп чагылдырышат. Ошол мезгилде журналисттер сын- пикирлерге нааразылыкка дуушар болушат. Кээ бир убакта жоопко да тартылышат. Анын себеби, журналисттер өз кызматтык эрежелерин жакшы билгени менен мыйзамдардын укуктук аспектилери боюнча маалыматтары аз. Ушундай көрүнүштөрдү азайтууга жана журналисттердин укук жагынан билимдеринин жогорулатууга байланыштуу тренинг өткөрүүнү чечкенбиз. Өткөрүлгөн тренинг парламенттик шайлоо учурунда жана андан кийинки мезгилде Кыргызстанда медиа чөйрөнү жакшыртууга жана сапаттуу журналистиканы колдоого жардам бере турган иш чара болуп эсептелет.
Экинчиден, бул тренингге медиаторлор тренер болуп тартылган. Анын себептери, медиаторлор жалаң конфликттерде, чыккан чыр- чатактарда, талаш тартыштарда сотсуз маселени чечүүнүн үстүндө кызматтанышат. Талаш тартыш
жараткан жагдайдан чыгууга кошумча убакыт кетирбей, жөнү жок акча коротпой жана ашыкча кыжаалат болбой оңой жолун табуу мүмкүнчүлүгүн жана өзгөчө ыкма менен түзүлгөн сүйлөшүүлөр аркылуу, чиелүү татаал маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт.
Медиация аркылуу чечилген иштердин мөөнөтү салыштырмалуу өтө кыска…
Сотко түшкөн иштердин мөөнөтү менен медиация аркылуу чечилген иштердин мөөнөтү салыштырмалуу өтө кыска. Эки тарап чыр чатак менен сотко кайрылбастан, түз эле медиаторго кайрылса болот. Медиаторлор менен чечилген иштер 70-80% ти эки тарапты канааттандырган чечим менен аякташат. Сот менен бүткөн иштерде бир тарап болбосо да бир тарап сөзсүз уттурат.
Медиаторлор өз иш аракеттерин Кыргыз Республикасынын 11.03.2018-жылы кабыл алынган медиация жөнүндөгү мыйзам менен макулдашылган. Медиация жөнүндөгү маалыматтын аздыгынан эл дагы эле талаш тартыш менен сотко кайрылууда. Көптөгөн убакыт, каражат жана ден- соолуктарын кетиришет. 2018-жылдан баштап ар бир райондордо, шаарларда проффессионалдуу медиаторлордун уюму ачылган. Алардын даректери жана телефондору сотторго берилген.
Медиация кызматы керек болсо, байланышуу жолдору…
Себеби, сотко түшкөн татаал иштерге судьялар медиаторлорду тартышат. Эгерде жогорудагы көрсөтүлгөн маалыматтар пайда болгон болсо Улуттук медиация борборунун Ысык-Көл областындагы филиалына консультация алууга жана медиаторлордун жардамын алууга кайрылсаныздар болот. Биздин дарек Чолпон-Ата шаары, Калыс көчөсү №10, телефон номерибиз 0550190354 жана 0700540319
Тасма айылында кесип тандоо боюнча тренинг өтүлдү
Гүлназ Жумагулова