Социалдык тармактарда алгач Түп, кийин Тоң районунда жылкылар ылаңдап жатканы туурасында видео тарап, түрдүү пикир жаратты. Арасында жылкылар коронавируска чалдыкты дегендер да болду. Ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов малчылар вакцинаны колдонбой жатат деген оюн ортого салды.
Алгач жылкылардын ылаңы Түп районунун Михайловка айылында катталган.
Ал эми 25-май күнү Тоң районунун Сары-Талаа аймагында да жылкы ылаңдап, өлгөн. Видеодо мал ээси жылкы эки күн шалдырап туруп, үчүнчү күнү өпкөсүн уруп, таңга маал өлгөнүн билдирген.
19-май күнү ылаңдап өлгөн жана ылаңга шектүү 3 баш жылкыдан патологиялык материалдар алынып республикалык ветеринардык лабораторияга жиберилген. Изилдөөнүн жыйынтыгында жылкылардан ринопневмония ылаңы аныкталган.
Жылкылардын ринопневмония ылаңы дүйнө жүзүндө тараган. Кыргызстанда да көп жылдан бери бул ылаң катталып келет. Бирок, ылаңга каршы алынып келген вакциналарды малчылар колдонбой, алардын мөөнөтү өтүп кетип жатат дейт Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов.
— Бул ылаңдын өзүнүн вакцинасы бар. Бул абдан жеңил өткөндүктөн, биздин малчылар көп көңүл бурбайт. Анткени, бул мамлекеттин мойнуна кирбейт. Мамлекет мойнуна алган өтө коркунучтуу, адамга да жуга турган, экономикага да жоготуу алып келе турган малдын 7 ылаңы бар. Ошону гана мамлекет каржылайт. Ал эми бул ылаңдын вакциналарын биз кенен эле рынокко алып келип коюп жатабыз. Бирок, ошону мал ээлери сатып алып, ветеринардын акысын төлөп берип сайдырыш керек. Ушул ишке келгенде эле баары макул болбой, баш тартышат. Мисалы, былтыр алып келген вакциналар колдонулбай апрелде мөөнөтү өтүп кетиптир. Бизге дары алып келген компаниялар дагы мынча доза керек дейсиңер, алып келсек рыноктон эч ким албайт, мөөнөтү өтүп кетти. Менин акчамды ким чыгарып берет? – деген дооматты коюп жатышат. Малдын саламаттыгы үчүн бир жылкыга бир жылда төрт жолу ринопневмонияга арналган вакцина сайылыш керек. Бирок, бизде “кудай сактасын” деген менталитет көп нерсеге себеп болуп жатат. Анткени, жайы-кышы дебей жылкынын баары жайытта жүрөт. Аны алып келип, дары дармегин бергенден ээринишет.
Калысбек Жумаканов учурда Түп районунда ооруган мал жок экенин билдирип, дезинфекция иштери жүргөндүгүн кошумчалады.
— Кенелер бар экен. Ылаңды пайда кылуучу ар кандай нерсе болуп калабы деп дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Башка райондор менен күнүгө маалымат алышып турабыз. Жакында мал сатуучу базарлар ишке кирет. Анын бардыгы ошол коштоочу документтер менен, ветеринардын мал таза деген кепилдиги менен болот. Бардыгы жакшы, эч кандай кооптонуулар жок. Эгерде мал өзү начар болсо же хроникалык башка оорулары болсо же атты минип алып, чарчатып катуу эксплуатация кылып койсо анда инфекциялар кирип мал деле ооруйт. Ушундай болуп өлүп калган фактылар болот. Кыргызстанда миллионго жакын жылкы бар. Мал масштабдуу түрдө кырылып жатса бир жөн. Бирок, бир малдын өлүп калганын бүт дүң кылып социалдык тармактарга таратып жиберип жатышат. Азыр колунда телефону болсо эле блогер болуп алды.
40 жыл ветеринар болуп эмгектенген Каныбек Орозказиев жылкылардын ылаңдап жатканын уккандар аны таажы тумоо деп атагандар болду. Анткени, белгилери окшошуп кетет дейт. Ринопневмония менен ылаңдаган мал жөткүрөт, мурдунан суюктуктар агат, өпкөсүн кагат. Каныбек Орозказиев негизи мал да коронавируска чалдыгаарын айтып, кудайга шүгүр ал ылаң Кыргызстанда тараган эмес дейт.
— Негизи малдын ринопневмониясында малдын иммунитети маанилүү. Көбүнчө арык мал ылаңга туруштук бере албай калат. Бул ылаң 5-6 жыл мурун Кыргызстанда абдан күчөгөн. Ал эми бул жолу социалдык тармактарда маалымат тараганда ар кандай нерсени болжолдоп жиберишпедиби. Керек болсо коронавирус ж.б деп дай айтышты. Бул кадимки эле жылкынын сасык тумоосу. Буга кадимкидей эле өпкөнүн дартына колдончу антибиотиктерди колдонсо болот. Ошол 5-6 жыл мурун болгондо анча-мынча чыгым болду эле. Азыркы абалды – эпизоотиялык абал деп айтууга болбойт. Эпизоотиялык абал болгондо – көбүрөөк болот эле. Мен дагы Ысык-көлдөгү ветеринарлар менен байланыштым. Алар дагы эч кандай коркунуч жок экенин айтышты.
Жылкылардын ринопневмниясы кандай ылаң? Кененирээк билиңиз.
Касиет Кубанычбек кызы