ЮНИСЕФтин жаш ыктыярчылары Нарын районунун мектептеринин окуучуларына U-Report, кырсык коркунучтарын азайтуу, зордук-зомбулуктардын алдын алуу тууралуу маалыматтарды берип, практика жүзүндө атайын окууларды өткөрө алышты.
Бул окууларды ЮНИСЕФке ыктыярчы болуп кирген Нарын районуна караштуу Түгөл уулу атындагы орто мектебинин математика сабагынын мугалими Айнакан Койчуманова, окуучуулары Улук Курманбеков, Тамара Чойбаева, Айтурган Куттукбекова, Акылай Сейитбекова, Элнура Жапарбек кызы өткөрүп келишти.
«Биз май айында Бишкек шаарында жаш ыктыярчылар үчүн атайын уюшулган семинарга катышып келгенбиз. Ал эки күн ичинде абдан көп кызыктуу маалыматтарга ээ болдук жана пайдалуу нерселерди үйрөнө алдык. Алган маалыматтарыбызды жайылтуу максатында райондун мектептерин кыдырып, окуучуларга маалымат берүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Буга чейин дагы Оттук, Кара-Чий, Эчки-Башы, Жаңы-Талап, Жалгыз-Терек, Куйбышев, Миң-Булак, Өрнөк, Эмгекчил айылдарындагы мектептерге барып, Кырсык коркунучтарын азайтуу (СРБ), U-Report платформасы жана ЮНИСЕФ коому тууралуу маалыматтарды берип келдик»,- дейт жаш ыктыярчы Тамара Чойбаева.
Наиля Жанарбек кызы