Үстүбүздөгү жылдын июль айында өлкөбүздө эпидемиялык абал курч болду. Бейтапканаларда медицина кызматкерлери жетишпей, ыктыярчылар жардамга келишкен. Айзада Жумалиева борбордон айылга апасынын тажиясына келген. Бул учурда Ак-Талаа районунда да пандемия күчөп турган учур болчу. Илдет жугузуп алган бейтаптар ийне сайдырыш үчүн Айзаданын үйүнө бара башташкан. Андан соң медкызматкерлердин жетишпей жатканын уккан каарманыбыз ооруган бейтаптардын үйүн кыдырып, жардам берүүгө өткөн.
“Ыктыярчылык кылайын деген оюмда жок эле. Апам каза болуп, кыркына келгем. Негизи өзүм медсестрамын. Дүйнө жүзүн каптаган вирус биздин айылда деле жөн калган жок. Ошол убакта кол куушуруп отургум келген жок. Өз айлыма кичине болсо да салым кошсом деп ойлодум. Мурда чогуу иштеген коллегаларым медсестра жетишпей жатканын айтышты. Инимдин машинасын сурап алып, үй кыдырып, тамчылатма дары куюп, ийне сайып баштадым. Бир үйдө үчтөн-төрттөн кишиге дары куюп жаттым”.
Абал оорлошкон маалда адамдардын бири-бирине болгон эң чон жардам-санитардык эрежелерди сактоо болчу. Антпесе ар биринде илдет жугузуп алуу коркунучу бар эле. Айзада өлкөдө жаңы илдет тарай баштаганда чынында тынчсызданганын айтат.
«Эң башында корктум чынында. Сактанып, балдарымда да сыртка чыгарбай сактанып жаттым. Кийин күчөп, элдер кыйнала баштады. Ошондон баштап өзүмдү ойлобой калдым. Адамдар кыйналып жатса, кайдыгер карап кете албайт экенсиң. Анан дагы биз Гиппократтын антын бергенден кийин бул биздин милдетибиз эле. Канчалаган адамдарды, тааныштарыбызды, жакындарыбызды жоготтук. Мүмкүн болушунча өзүм санитардык эрежелерди сактап, антисептик колдонуп, ар бир 2 саатта беткапты алмаштырып жаттым.»
Өлкөдө ыктыярчылардын ыкчам аракети менен убагында медициналык жардам алып, ондогон адамдардын өмүрү сакталып калды. Алар бир гана бейтапканаларда эмес унааларда, көчөлөрдө же аялдамаларда дагы жарандарга жардам берип жатышты. Каарманыбыз алгачкы ыктыярчылыгы аялдамада башталды. Ошол күн эсимде калды дейт.
«Маршруттук унаа жок, үйгө жөө кетип бараткам. Аялдамада бир аксакал кыйналып жатыптыр. Колунда баштыкта дарылар бар экен. Жанынан өтүп кете алган жокмун. Жанына барып ата кыйналып жатасызбы. Тез жардам чакырайынбы десем балам чакыртсам келбей жатат деди. Кимге барып ийне сайдырарымды билбей жатам деди. Ата мен медсестрамын. Мага ишенсеңиз тамчылатма дарыңызды куюп берейин десем макул болду. Машинаңыз барбы десем бар деди. Анан атага ошол машинеде эле дары койдум. Жарым саат жанында отуруп, анан үйгө кеттим. Жакшы болуп калды. Азыркыга чейин байланышып турабыз».
Кыйын кырдаалда ыкчам чечим кабыл алып, ыктыярчы болуп кетүү баардык эле жарандын колунан келе бербейт. Бул албетте, өз өмүрүңдү тобокелге салуу дегендик. Бирок Айзада Жумалиева өзгөчө кырдаалда эле эмес, башка учурларда деле зарылган адамдарга колунан келген жардамын берип жүргөнүн кошумчалады.
«Пандемияга чейин деле үйлөргө барып, бекер ийне сайып берип, тамак-ашымды алып барып берген күндөр болгон. Бир колуң бергенди, бир колуң көрбөсүн деп коет эмеспи. Аларды айтып мактангым келбейт. Мындан ары деле боло берет».
Кыргызстанда пандемиянын күчөп турган маалында ыктыярчылардын, элдин ынтымагын чет элдик басылмалар да жазып чыгышты. Каарманыбыз дагы учурдагы кыргыз медицинасынын абалы менен бирге эле ыктыярчылардын эмгеги тууралуу өз оюн билдирди.
«Жүрөгүмдү оорутканы биздин медицинанын алсыздыгы, бул ооруга даярдыгы жоктугу болду. Элибиз ынтымактуу эл экен. Ыктыярчыларга чон рахмат айткым келет. Бардык жактан колдоо көрсөтүп жатышты. Биздин өкмөт каржылай алган жок. Булар болбогондо биз дагы канча адамдарды жоготот элек».
Ооба, Кыргызстандагы пандемия кыргызстандыктардын, анын ичинде өлкөдөгү жана чет жердеги ыктыярчылардын биримдиктүү чоң күч экенин дагы бир ирет тастыктады.
Барчын Мамытбекова