Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн техникалык материалдык базасы чыңдалып, өзгөчө кырдаалдарда куткаруу иштерине колдонуу үчүн жаңы шаймандар менен камсыздалды. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Акылбек Тюкебаев бөлүмдүн кызматкерлерин 1-июль куткаруучулар күнү менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырып, жергебизде тынчтык болуусун каалады.
Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө:
— 1 даана — Кайык;
— 1 даана — Кайыктын мотору;
— 2 даана — компьютер;
— 1 даана — ноутбук;
— 1 даана — дрон;
— 2 даана — чатыр;
— 6 даана — көтөрмө радиостанция (рация);
— 5 даана — горный термос;
— 2 даана — газ балон;
— 5 даана — куткаруу жилет;
— 1 даана — штативи менен прожектор;
— 4 даана — дүрбү;
— 1 даана — кар көчкү датчиги;
— 2 даана — кар көчкүнү изилдөөчү курал;
— 2 даана — повербанк.
Жалпы наркы 870 727 сомдук ар кандай шаймандар Токтогул райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан каражыланды.
Азема Кудуева.