Донор-деген ким? Ал өз каалоосу менен бирөөнүн ден-соолугун өз ыктыяры менен чыңдоого, өмүрүн сактап калууга катышуучу адам. Жашы 18ден 60 жашка чейинки ден-соолугу таза ар бир адам донор боло алат. Аял киши жылына төрт, эркек киши беш ирет кан бере алат. 30 жолу өз ыктыяры менен бекер кан берген адамга “Ардактуу донор” наамы берилет. Кан тапшыруучу адамдан ар жолу сифилис, ВИЧ-СПИД, гепатит, бруцеллез ж.б ооруларга анализ алынып, медициналык кароодон өтөт.
Ак-Талаа районунда учурда 70 адам донор катары жалпы дарыгерлер практикалык борборунда каттоодо турат. Аталган практикалык борбордун медайымы жана “Ардактуу донор” Назира Дөөлөталиева алты айдан өткөн плазманы Бишкек шаарындагы кан борборуна тапшырабыз дейт.
“Негизинен алты айга чейин сакталган канды колдонобуз. Аны плазмага жана эр массага бөлүп алабыз. Шашылыш (экстренный) учур болгондо кандын группасына жараша донорлорду чакырабыз. Ошондой учурда дагы алардын каны текшерилет. Ал эми анын жыйынтыгы чыкканча запаста турган канды колдонуп, ордун жаңы менен толтурабыз. Канды алгандан кийин эр массаны өзүнчө, плазманы(кандан бөлүнгөн сары суу) өзүнчө бөлөбүз. Бизде анализи чыккан жана чыга элек кан деп эки бөлөк муздаткычтарда, атайын белгиленген температурада сакталат” деди.
Кайталап кан берүүгө 2 айдан кийин гана уруксат берилет. Донордун каны атайын идишке алынып, идиште канды консервалоочу заттар болот. Ал эми кан куюлган идиштин сыртына кандын тобу, Донордун фамилиясы, кан алынган дата жазылат. Кайталап кан берүүгө 2 айдан кийин гана уруксат берилет. Донордун каны атайын идишке алынып, идиште канды консервалоочу заттар болот. Идиштин сыртына кандын тобу, Донордун фамилиясы, кан алынган мөөнөтү жазылат.
Биздин өлкөдө үч миңден ашуун Ардактуу донорлор бар жана алар ай сайын бир мин сомдон акча алып турушат. Мындан сырткары ар бир донорго чай жана шоколад каралган. Бирок бул нерселер райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда берилбейт.
Барчын Мамытбекова