Быйыл ваучердик окутуу программасынын алкагында Нарын облусунун ар бир районунан бештен бүтүрүүчү И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына окууга жиберилет. Окутуу үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан шарттуу грант бөлүнүп берилет.
Дарыгерлер жетишсиздиги жоюлбай келе жаткан катаал шарттуу облус үчүн мындай демилгени жана медициналык академияга акысыз окуунун шарттары тууралуу түшүндүрүү максатында ата-энелер, бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлүүдө.
Ваучердик окуу программасынын төмөндөгүдөй шарттары бар:
— Медициналык академияга тапшыра тургандар жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы балл менен өтүүсү керек;
— Окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин өзү жашаган районго дарыгер болуп кызмат кылуусу зарыл
Мындан сырткары жолугушуунун жүрүшүндө Нарын облусуна келип иштеп берем деген медициналык академиянын студенттери, ординаторлору да келишимдин негизинде программага катыша алары маалым болду.
Акимдин орун басары Кенже Карагулованын маалыматына караганда жолугушуу учурунда ондон ашык бүтүрүүчү программага катыша тургандыгын билдиришкен. Программага катышуучун калагандар билдирме толтуруп, дарыгерлик кесип тандоодогу максатын баяндаган эссе жазуусу керек.
Зарина Бейшеналиева