Кочкор районунда учурда 1 литр кымыздын баасы 150 сомдон ылдый боло элек. Жергиликтүүлөр быйыл жаз кеч келгендигине байланыштуу, кымыз аз болуп, баасы кымбат болууда деп болжолдошууда.
Аба-ырайынын муздак болуп, жаздын кеч келиши жана кургакчылыктан улам чөп аз болуп жатканын айыл тургундары тастыкташууда. Саан бээлердин аз болушу, былтыркы жылга караганда кымыздын баасынын кымбатташына алып келген. Кочкор районунда июнь айынын ортосу болгонуна карабастан кымыздын баасы 150 сомдон сатылууда.
Кочкор айылынын тургуну Жеңишкүл Сатарбекова: «Мен кымыз сатып жатам. Кургакчылыкка байланыштуу быйыл кымыз кымбат болуп жатат. Жаз кеч келип, чөп кеч чыкты, күн муздак болуп, жылкылар эми саан болуп жатат. 3-4 желе байлагандар 5-6дан эле жылкы байлап жатышат. Кымыз аз болгондуктан баасы жогору болууда. Азыр 150 сомдон сатып жатабыз».
Тармал –Саз айылынын тургуну Мурзакулова Жаркын: «Биз жайлоого келгени 20-майдан баштап бээлерди байладык. Биз кымызды 100-110 сомдон сатабыз. Жайлоодон да алып кетишет. Кочкорго да барып өткөрөбүз. Былтыркыга караганда кымбат. Былтыр кымыздын баасы 80 сом болчу. Кымбаттагандын себеби бээлер аз. Быйыл жаз кеч келди. Аба-ырайы катаал болду. Майда жааган кар, бизге кыйынчылык жаратты. Айылдан чөп алып келип, малдарга берип жаттык. Койлор айылга түшүп, ал жакта кайтарып жатышты. Чөп былтыркыга салыштырганда жакшы эмес».
Кызыл –Дөбө айылынын тургуну, мугалим Дүйшөналиева Шаарбүбү: «Быйыл 4-5 жолу кымыз сатып алдым. Былтыркыга караганда баасы кымбат. Былтыр 70-80 сомдон алсак, быйыл 140-150 сомдон алып жатам. Кымбат болсо дагы неберелериме алып берип, кымыз ичип жатабыз.
Эмне үчүн кымбатб болууда? -деп сураганыбызда, жылдагыдан жыл татаал болуп, жаз кеч келгендигин, жерге чөп чыкпай, бээлер жаңы байланып жаткандыгын айтышты. Андан тышкары быйыл үзүмчүлүк болуп, кулундар да көбүрөк өлүп, саан бээ да аз экендиги айтылды.
Гулира Сатарова