Ак-Талаа районундагы Үгүт айылынын тургуну Эльнура Самат кызы ар түркүн түстөгү жыттуу самындарды жасайт. Аны ал эжесинен үйрөнгөн. Айтымында дүкөндөн сатып алган самындардан аллергия болуп, ошондон улам өздөрү үй шартында жасоого аргасыз болушкан.

Жашылчалар самындын түсүн өзгөртүүгө жардам берет
“Самындарга ар түрдүү түс жана жагымдуу жыт бериш үчүн эфир майларын, жашылчалар колдонулат. Негизинен малдын тоң майын, иштетилген май колдонобуз. Мисалы, бадыраңдын кабыгы кошулуп жасалган атыр самын беттин терисин жумшак жана жылмакай кылат. Аялзаты жуучу каражаттарды көп колдонобуз да. Бул үй-бүлөлүк бюджетке дагы жардам экен”,- дейт.

Жыпар жыттуу самындарга эфир майлары кошулат
Ал эми Элнуранын он жаштагы кызы Самира дагы апасына жардам берип, витаминдүү самындарды жасаганды жакшы көрөт. Самира келечекте мыкты ишкер болуп, балдары таштап кеткен карыларга, карылар үйүнө жардам берүүнү кыялданат.
Элнура айылдаштарына самынды бекер эле берет.

Самындар суюк кезинде ар кандай формада куюлат
“Буюрса станок сатып алып, көбүрөөк көлөмдө жана сапаттуу чыгарып, ишкерлик кылуу максатыбыз бар. Азырынча бир жасаганда 10-20 даана жасап коебуз да күнүмдүк колдоно беребиз. Самындарды суюк кезинде ар кандай формадагы кутуларга куюп коебуз”,- деди.
Барчын Мамытбекова