Жүгөрү чачтын жана теринин абалын жакшыртуучу Е витамининин казынасы. Нерв системасын бекемдөөчү В витаминин, иммунитетти көтөрүүчү С, сөөктү бекемдөөчү Д витаминин жана темир, калий, кальций жана магний сыяктуу пайдалуу заттарды өзүнө камтыйт.
Талкан – арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак. Кылкан, улпагынан арылтуу үчүн талкан эленип алынат.
Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов