Ооган-Талаа айылындагы жаңы конушка өкмөт тарабынан каржы бөлүнүп, электр мамычалар жана электротрансформатор коюлуп жатат.

Электротрансформатор коюлуп жаткпн учурда
Жаңы конушта 100дөн ашуун үй бар. Азыркы учурда жаңы 21 даана мамычалар коюлду. Электротрансформатор ордуна орнотулду, бирок электртогуна улана элек.

Коюлган мамычалар
«Азыр мамычаларды коюп, электр зымдарды тартып бүттүк, элдерге свет берели деп жатабыз»-деп билдирди айыл башчы Муктар Дөлдөев.
Ооган-Талаа айылында аябай көйгөйлүү маселе, суугат суу маселеси бар. Ошол эле электротрансформатордон сайга мотор коюлуп, элдерди суу жана ток менен камсыздамакчы.

Орнотулган трансформатор
«Элге сугат суу маселесин чечүү боюнча азыр ушундай иш аракеттер болуп, элдер жумушчулардын тамак ашына жардам берип жатышат», -деди айыл башчы Муктар Дөлдөев

Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктар Дөлдөев
«Мен Ооган-Талаа айылынын тургунумун. Биз жаңы чек, жаңы конушта жашайбыз. Бизде электр энергиясынын кубаттуулугу өтө аз болчу. Айыл башчыбыз, элдик салым, элдерден акча чогултуп мамлекет тарабынан элекротрансформатор берилди. Баарыбыз биргеликте столбаларды орноттук. Эми бир эле ток берилбей сугат суу үчүн да электр түшүрүлсө элге эгинге да суу болот. Кудай буйруса ишке кирип калса эл кызматын кылат»,- дейт Үсөн Осмоналиев.
Видео: Ооган-Талаада эл бет кап кийип жүрүшөбү?
Аймээрим Саитжанова