Кочкор районундагы Чолпон айылында сайдын жээктеринде таштандылар ташталган. Бул нерсе жаратылышка дагы зыян келтирип жана айылдын көрүнүшүн бузуп жаткандыгы айтылганына карабастан айыл тургундары таштанды таштоодо.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, таштанды көйгөйүн чечүүгө кандай аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу сурап көрдүк.
Чолпон айылынын айыл өкмөтү Алайбек Карбозов төмөнкүлөргө токтолду:
Алайбек Карбозов
«Сайга таштанды таштоо боюнча элдерге түшүндүрмө иштерин жүргүзүп, бир нече жолу таштандылар тазалатып, чыгартылган. Ага карабастан элдер таштанды таштап жатышат. Айып пул салуу боюнча дагы жазуу түрүндө түшүндүрмө илгенбиз. Азыркы учурда таштандылар бир топко азайып калды. Трактор техникасы менен айына бир жолу таштандылар тазаланууда.
Айылдын таштанды маселесин чечүү боюнча жакында эле бир долбоорго кирдик. Таштандыны кайра иштетүү боюнча цех ачабыз деп жатышат. Баштыктыктарды өзүнчө, желимдерди өзүнчө, айнектерди өзүнчө иштетип чыгуу максатыбыз бар. Эгер максатыбыз ишке ашып калса, ал жакка 15-20 киши жумуш орду менен камсыз болот».
Жер адиси Азамат Исаков буларга токтолду:
Азамат Исаков жер адиси
«Таштанды маселеси азыркы учурда чечилүүдө. Таштанды таштаган трактор иштеп жатат. Трактор ар бир үйдөн таштандыны чогултуп кетет, атайын мамлекет таштанды таштаганга жер бөлүп берген. Ага карабастан айыл тургундары таштанды таштап жатышат».
Мыктыбек Миңбаев
Мыктыбек Миңбаев: «Азыркы учурда таштанды ташыган трактор чогултуп жатат, мурункуга салыштырмалуу тазаланып калды. Ар бир таштанды салган кишиден 50 сомдон алынат, ар бир тургун айына орточо эсеп менен 5-6 мүшөк салышат. Айына бир жолу чогултуп кетебиз».
Айыл тургуну Мирлан Абдразаков төмөнкүлөргө токтолду:
Мирлан Абдразаков
«Айылдагы эң көйгөйлүү маселелердин бири ушул таштанды маселеси. Жер суунун баары ак-ала, ар кайсы жерлердин баары таштанды. Ары өткөн бери өткөн машиналар, чоң жүк ташыгандар жолдон таштай беришет. Желим баштыктар жер суулардын баарын булгап көйгөй жаратып жатат. Эң биринчи өкмөт тарап желим баштыктарды колдонууну жоюп, кагаз баштыкка өтүш керек. Ошондо желим баштык маселеси чечилет. Өзүбүздү өзүбүз тазалаш керек, таштандыны атайын таштанды салуучу челектерге салуу керек. Өзүбүз таза болсок, айлана чөйрө таза болот».
Сайдын жээгинде ташталган таштандылар
Көбүн эсе ар кай жакта жаткан полиэтилен желим баштыктары, айлана-чөйрөнү булганыч абалга алып келүүдө
Терек- Суу айылындагы таштанды төгүүчү жай көйгөй жаратууда
Нагима Мирланова, Эркеайым Туткабаева, Кусейин Марат уулу, Бегимай Бакасова