Адамдар буурчакты байыртадан эле тамак-ашка пайдаланышкан. Илимпоз-археологдор байыркы элдер мекендеген жерлерди казганда, буурчактын катып калган дандарын көп жолу табышкан.
Азыркы кезде талаага жана огородго буурчак өсүмдүктөрү — буурчак, маш буурчак, төө буурчак, соя, жасмык эгилет. Алар тамак-ашка пайдаланылат. Ал эми малга берүү үчүн тоют болуучу буурчактар-уй беде, жер буурчак эгилет.
Буурчак өсүмдүктөрү адатта эрте жазда себилет. Алар мол тушүм берет, бир дан сепсен, андан 100 — 150 дан жыйнап аласың. Составында белок абдан көп болгондуктан, буурчакты өсүмдүк эти деп да атап жүрүшөт. Анын данынан сабагынан уй, кой, чочкого аш болумдуу силос даярдалат.
Буурчактын тамырларында майда жемиш тамыр өсүп чыгат, анда абдан азотту сиңирип алуучу өзгөчө бактериялар жашайт. Мына ошондуктан, буурчак өсүмдүктөрүн жыйнап кеткенден кийин, кыртышта көп азот калат. Ал ошол талаага эгилүүчү буудай, жүгөрү жана башка өсүмдүктөр үчүн өтө пайдалуу.
Ак илбирстин тукуму жыл сайын азайууда
Милана Тынчтыкбекова