Көк пияз — бул адамдын сүйүктүү өсүмдүктөрүнүн бири. Кылымдар бою ар кайсы өлкөлөрдөн келген адамдар аны жигердүү колдонуп келишет. Курамындагы бай витаминдер менен минералдардын аркасында адамдын ден-соолугуна пайдалуу. Көк пияздын жүнү ар кандай пайдалуу жана дарылоочу күчтөрдү камсыз кылат.
Байыркы Египетте көк пиязды ыйык тутушкан жана сыйынышкан, байыркы Грецияда балбандар кепилденген жеңиш үчүн мелдештер алдында көк пияз менен булчуңдарын сыйпашкан.
Пияз ар бир адамдын тамак-ашында маанилүү азык. Суук тийүүдөн сактануу үчүн кеңири колдонулат жана күчтүү антибиотик катары өтө баалуу.Тамак ашты сиңирүү системасын жакшыртууга
жана табитти ачууга жардам берет. Вирустар жана микробдор менен күрөшүүдө пияздын пайдасы баа жеткис. Анын курамында витаминдер, микроэлементтер, эфирдик майлар бар. Анын бай курамы аны инфекциялардан эң күчтүү коргойт.
Кышында вирус бактерияларын алдын-алуунун жана коргоонун идеалдуу каражаты болот. Көк пияздын курамында 13г белок,0.0г май жана 4.6г углевод бар.
Ошондой эле көк пиязда А1, B1, B2, B5 жана С витаминдери болот.Сабагынан калий, натрий, магний, кальтций, темир, фосфор жана цинкти кездештире алабыз. Көк пиязды ашказаны, ичегиси ооругандар көп колдонууга болбойт.
Буурчак өсүмдүктөрүнүн пайдасы
Назик Арстанбек кызы, Арген Токторбеков, Нурбол Султанбеков, Тунукай Имангазиева