Ак-Талаа районунда өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу Жаңы жылдык кечелер өткөрүлбөйт.

Архив 2019-жыл. Жаңы Жылдык салтанат
Райондук штабдын мындай чечими тууралуу мекеме-ишканаларга, билим берүү мекемелерине жана айыл өкмөттөрүнө тиешелүү маалыматтар жиберилди.

Кенже Карагулова акимдин орун басары
Акимдин орун басары Кенже Карагулованын маалыматына таянсак Жаңы жылдык кечелерге элдин коопсуздугун сактоо максатында тыюу салынды.

Архив 2019-жыл. Жаңы жылдык балаты майрамы
«Эч кандай иш-чаралар өтпөйт. Ал эми акимдин балатасы же губернатордун балатысы өндүү салтанаттарга катышуучу окуучулардын белектерин үйлөрүнө жеткирип беребиз. Кафе-ресторандарга дагы бул тууралуу эскертүүлөр берилди. Учурда мүмкүн болушунча санитардык нормаларды сактообуз зарыл. Ден-соолук баарынан маанилүү»,- дейт.
Барчын Мамытбекова