Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан, Нарбото жаңы конушунда жаштардын демилгеси менен спорт оюндары уюштурулду. Бүгүн Жаңы-Жер айылындагы жаштар арасында мелдештик спорт оюндары “Нарбото” кичи спорт аянтчасында өткөрүлдү. Бул оюндун максаты айылдагы жаштардын ынтымагын бекемдөө, жаштарды спортко тартуу кийинки муундарга үлгү болуу үчүн уюштурулган.
Жаңы-Жер айыл аймагындагы “Нарбото” кичи конушунда Улан Нарботоев жаштар үчүн атайын өз каражатынан футбол аянтын жана бильярд бөлмөсүн салган. Учурда айыл жаштары барып мелдештик оюндарды өткөрүшөт. Айыл жаштарын спортко тартып, ынтымагын бекемдөө үчүн айыл актвисттери Шайлоо Ташбаев, Рысбек Камчыбеков, Эламан Абылкасымов аттуу жигиттер болду.
Шайлообек Ташбаев өз оюн айта кетти:
Жаңы-Жер айылынын актвисттеринин бири Шайлоо Ташбаев. Жаштардын ынтымагын бекемдөо үчүн салымын кошуп келет.
«Мен өз айылымдын жаштары ынтымактуу болуусун каалаймын. Айыл жаштары ичимдиктен алыс болсо чыр-чатактан да алыс болушат. Айылдын тынчтыгы ар бир үй-бүлөгө керек. Ал үчүн жаштар демилгени көтөрсө жакшы. Себеби, айыл жаштары спорт менен алектенсе, ден-соолуктарына кам көрсө анда ичип-чегүү, уурулук, кылмыштуулук дегендин алдын алабыз.
Жаңы-Жер айылында дыйканчылык мезгили бүткөн соң кышында айыл жаштары үчүн жумушсуздук күч алат.
Учурда кышкы суукта айылда жумушсуз калган жаштар көп. Пандемияга карата көнүл ачуучу жайлар, тойлор да мурдагыдай эмес. Мына ошол үчүн айыл жаштарында убакыт кенен. Убактыларын текке кетирбей спорт менен алектенип, ойношсун, бири-бири менен мамиле кылышсын деген ойдомун.
«Нарбото жаңы конушундагы биллярд ойноочу жай»
Биздин айылда жети облустан келип отурукташкан элдер жашайбыз. Бирок ошого карабай жаштар ынтымактуу, биримдиктүү. Алардын ынтымагын дагы да болсо бекемдөө үчүн биз ушундай спорттук мелдештерди өткөрөлү деп сүйлөштүк.
Айыл жаштары бүгүнкү мелдештен кийин жакшы маанайда болушту. Мындан кийин дагы мелдештик оюндарды уюштуруу боюнча талкуулап, үйлөрүнө тарашты».
Турсун Омуралиева