Жаңы-Жер айылында эт дүкөнү ачылды. Буга чейин жылкы эти айылдагы эт дүкөндөрүндө сатылуучу эмес. Айыл тургундары буга чейин уйдун этине басым жасашчу. Пандемия башталганы жылкы этине суроо талап көбөйгөнү байкалууда. Дүкөн ээлеринин айтымында жылкы эти, чучук казы- карта сатылуучу жаңы дүкөнгө кардарлар көп келүүдө.
Айылда эң биринчилерден болуп “Жылкы эти” дүкөнүн сатуучусу Нурлан Дасанов менен болгон маекте буларга токтолду:
«Быйылкы пандемиядагы карантин учурунда жылкынын этине суроо талап көп болгондуктан атайын “Жылкы эти ”деген дүкөн ачууну ойлогом. Тилегим орундалып дүкөндү ачтым. Эң кызыгы дүкөндү ачаарда “Орусча окуган-орусча ойлонот” болуп жарнаманы туура эмес жаздырып келиптирмин. Ал жердеги көрнөк- жарнак жасоочу балдар деле айтып коюшпайт. “Ат эти сатылат” деген жарнаманы эки жума мурда илип алгам. Улуу муундун адамдары айткан сынды кабыл алып эми тууралап койдум», -деди.
Жылкыны мен өз короомдо байлап семиртем. Адалдап өзүм союп, өзүм сатамын. Мен өзүм казак улутунан, жубайым кыргыз улуту Нарын тараптан болгондуктан экөөбүз тең жылкынын этин жакшы көрөбүз. Азыр жубайым Нарын чучугун жасаса, жанында мен казак чучугун жасап сатамын. Кээ бири сарымсак, мурчту көп кош десе, кээ бири аз кош дешет. Айтор кардарлардын өзүнүн көз алдында жасап жатабыз. Этти устукандар кардарлардын талабына жараша бөлүп сатамын».
Мына бул эт жаш малдын эти. Санитардык талапка жооп бергидей тазалыкты сактаганга аракет кылабыз. Исламда дагы эң биринчи тазалыкка көңүл бурулат эмеспи. Таза эт болсо-таза тамак жасалат, ал эми таза тамак жеген адамдын дени сак болот.
Айыл тургуну, медициналык кесиби бар Айчүрөк Байбосунова Кесиптик лицейде окуучулардын ден-соолугуна кам көрүп, тамак ашына чейин текшерип турат. Анын айтуусу боюнча көп оорулар туура эмес тамактануудан да болот дейт. Айчүрөк эже жылкынын этинин пайдасы зыяны жөнүндө кыскача айтып берди:
«Жылкы дайыма таза жана пайдалуу чөп жегендиктен этинде дарылык касиети көп болот. Аш болумдуу келип, уйдун этине караганда сиңимдүү болот. Бул жөнүндө диетологдор деле айтышат. Жылкынын этинде холестерин жок болгондуктан булчуңдарды чыңдап, өттүн иштешин жакшыртат. Боордун жабыркаган ткандарын калыбына келтирип, гемоглобинди көбөйтөт. Жылкы эти аз кандуулукка даба болот».
Бирок, дарыгердин айтымында жылкынын туздалып, сүрсүгөн семиз эти, чучугу кан басымы жогору адамдарга зыяндуу жагы да бар. Өнөкөт оорусу барлардын оорусун козгошу мүмкүн.
Турсун Омуралиева