Чүй облусундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясынын билдирүүсү боюнча мамлекеттик мекемелерде иштеген адамдарга COVID-19 илдетине каршы вакцинасын алуу боюнча эмдөө жүрөт. Жаңы-Жер айыл аймагында №43 Кесиптик лицей, Жаңы-Жер орто мектеп комплекси жана «Алтын Уя»бала бакчасы ж.б. мекемелери бар.
Жаңы-Жер жалпы-дарыгерлик борборунда иштегендер бүгүнкү күнгө чейин эле Кытай вакцинасын алышкан. Ал эми эртеңки алына турган вакцина эки түрдүү болмокчу. Вакцина алуучу адамдар өз каалоосу менен макулдугун берүүдө. Адамдар кайсы вакцинаны аларын өздөрү тандашат.
№43-Кесиптик лицейдин окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары Асира Назарматованын айтуусу боюнча:
«Мага бүгүн Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясынан телефон аркылуу кабарлашты. Эртең мамлекеттик мекемелерде иштегендерге акысыз вакцина сайылмакчы. Вакцина Кытай өлкөсүнө жана Орусия өлкөсүнөн деп бөлүнөт экен. Орусия өлкөсүнөн келген вакцинаны алуу борбордо жүргүзүлөт жана дарыгерлердин көзөмөлүндө болмокчу. Мен бүгүн лицейдин жалпы жамаатына айтып, эртеңки вакцина алуучу адамдардын тизмесин тактап жатам. Коллективдин дээрлик көпчүлүгү макул болууда. Ал эми каршы болгондор дагы жок эмес».
Жаңы-Жер жалпы-дарыгерлик борборунун башкы дарыгери Шухрат Тажибаевдин төмөнкүчө жооп берген:
«Бизге Спутник-V вакцинасы келген эмес. Биринчи этапта Кытай ваксинасын жалпы ооруканада иштеген медперсоналдар алышты. Ал эми экинчи этапта 65-жаштан жогорку курактагы адамдарга сайылат».
Турсун Омуралиева