Ар бир жаран ѳзүн жана жакындарын бул коркунучтуу илдеттен сактоо үчүн акыркы күндѳрү мамлекетибизде эмдѳѳ башталгандыгы жѳнүндѳ баарыбыз кабардарбыз.
Вакцина алуу учүру
Кызыл-Туу айылынын жашоочуларынан сурамжылоо жүргүзгѳнүбүздѳ кѳпчүлүк адамдар бул вакцинага терс кѳз карашта экендигин билдиришти. Себеби биринчиден вакцина жѳнүндѳ толук маалыматтары жок, экинчиден анын түрлѳрү бар экендигин айтышты. Ар бир адамдын бул эмдѳѳнү алышы ѳз эрки болгондуктан эч кимди мажбурлоого болбойт. Жашоочулар айылдык үй-бүлѳлүк дарыгерге кайрылып кеңеш алып андан соң вакцинацияны алабыз деп жатышты.
Вакцина
Ошого карабастан эмдѳѳнү алган мектеп мугалимдери жана айылдын медициналык кызматкерлери да жок эмес.
Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин мугалими Ирина Олейникова: “ Мындан 4 күн мурда атайын чакырылган мобилдик топ жана айылдын фельдшери ооруга каршы эмдѳѳ жургүздү, биз жолдошум экѳѳбүз эмдѳѳнү алдык. Андан бери 3 кун ѳттү ѳзүбүздү жакшы сезип атабыз, вакцина Кытай Республикасынан алынып келингенин жана Россиядан келген вакцина 65 жаштан жогору курактагылар үчүн экендигин айтып ѳттү».
Ал эми айылдын үй-бүлѳлүк дарыгерлерине кайрылганыбызда: “ Вакцинаны азыр элге жайылтуу жүрүп жатат, ѳзүм да алгачкылардан болуп эмдѳѳ алдым. Баарыңыздарга айтарым эмдѳѳ эч кандай жаман жыйынтыкка алып келбейт, андыктан бизге келип кеңеш алып эмдѳѳ алсаңыздар болот”- деп билдирди.
Нурзат Момуналиева