Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылына Ихсан Хайрия кайрымдуулук фондунун колдоосунда 300 тонна көмүр таратылды. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясынын иш аракети менен кайрымдуулукка карата келген көмүр 600 үй-бүлөгө бөлүнгөн.
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Чүрөк Бургееванын берген маалыматы боюнча Жаңы-Жер айылына келген 300 тонна көмүр атайын тизмеген кирген гана үй-бүлөлөргө таратылган. Алар аз камсыз болгон муктаж үй-бүлөлөр, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же көп балалуу үй-бүлөлөр. Ихсан-Хайрия кайрымдуулук фонду менен бирдикте Бириккен Араб Эмираттарынын кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу астында, Жаңы-Жер айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берилип турат.
Турсун Омуралиева