Жайкы эс алуу бул жылдын өзгөчө жана көңүлдү убагы. Бирок, мындай эркин убакытты туура пайдалана албай зээригип же пайдасыз өткөрүп алган учурлар болот. 3 айга созулган жайкы каникулдун дээрлик бир айдан ашык убактысы өткөнүнө карабай аны кантип пайдалуу өткөрсө болорун сунуштайбыз.
Бул учурда сиз сөзсүз жаңы хобби менен алектенип, досторуңуз жана үй-бүлөңүз менен сапаттуу убакыт өткөрсөңүз болот
Спорт менен машыгуу же спорт залга баруу менен активдүү жашоо образын сактаңыз. Өзүңүздү кызыктырган спорттун түрүн тандап, жакын жерде жергиликтүү спорт сүйүүчүлөр бар-жогун билиңиз. Сууда сүзүү — жай мезгилинде ысыкты жеңүүнүн мыкты жолу. Эгерде сиз ден-соолугуңузду чыңдагыңыз келсе, спорт залга жазылыңыз. Муну менен сиз булчуңдарыңызды күчтөп, чуркоо аркылуу жүрөктүн кагышын жогорулатасыз.
Убакытты пайдалуу өткөрүү үчүн токуп же тигип баштаңыз. Ал үчүн жип жана ийне, спицы сыяктуу атайын буюмдар керектелет. Бул жабдуулар арзан жана Интернетте муну үйрөтүүчү жеткиликтүү көптөгөн окуу булактары бар. Татаал дизайнга өтүүдөн мурун жөнөкөй нерсени (шарф сыяктуу) жаратуудан баштаңыз. Негизги нерселерди өздөштүргөндөн кийин, сиз өз жөндөмүңүздү колдонуп, досторуңузга жана үй-бүлөңүзгө белектерди жасай аласыз!
Чыгармачылыгыңызды өркүндөтүү үчүн окуя жазыңыз. Кызыктуу каарман менен өзүңүздүн укмуштуу окуяңызды түзүп, окуядагы негизги конфликт эмне болорун чечип алыңыз. Сюжет жана конфликт сыяктуу негиздерди түшүнгөндөн кийин, сюжет жөнүндө жалпы түшүнүккө ээ болуу үчүн сюжеттин контурун жазыңыз. Бул абдан пайдалуу. Андай болбосо ар кандай темада дил баян сыяктуу ой- толгоолоруңузду жазсаңыз болот.
Эгер чыгарма жазуу сизге туура келбесе, анда блог ачуу жөнүндө ойлонуп көрүңүз. Учурда көпчүлүк колдонгон социалдык медиа аркылуу жеке ойлоруңуз менен бөлүшүңүз же өзүңүзгө жаккан темада кызыктуу блокторду даярдаңыз.
Бул эң маанилүү нерсе. Жайкы каникул китеп окуу үчүн эң сонун убак жана мүмкүнчүлүк. Муну колдон чыгарбаңыз. Айылдык китепканага же китеп дүкөнгө барып китеп алыңыз. Жакын досторуңуздан же туугандардан дагы сурап китеп алмашсаңыз болот. Китеп окуу убакыттын өтүшүнө гана жардам бербестен, эс тутумуңузду жакшыртат.
Эс алуу учурунда йога менен алектенүүгө убакыт бөлүп, жашооңузда көбүрөөк тактыкты жана ийкемдүүлүктү табыңыз. Эгер сиз үйрөнчүк болсоңуз, анда машыгуу үчүн мобилдик тиркемелерди көчүрүп алып өз алдынча үйрөнсөңүз болот. Эгер сиз спортчу болсоңуз, анда йога жалпы дене абалын жакшыртууга жардам берет.
Музыкалык аспаптарды ойноо менен мээни активдүү иштешин камсыздай аласыз. Белгилүү бир аспапты тандаардан мурун эмнени ойной турганыңызды ойлонуп көрүңүз. Скрипка кооз угулганы менен, классикалык музыканы жактырбасаңыз, эң жакшы вариант болбой калышы мүмкүн. Музыкалык жанрлардын көп түрүн жактырсаңыз, пианино же акустикалык гитараны колдонуп көрүңүз.
Музыкалык аспапта ойноо көп тапшырмаларды аткарууга көмөктөшөт, ошондой эле мээдеги кан айланууну жакшыртып, эс тутумду чыңдайт.
Жайкы каникул убагында сааттап гаджет менен отургандын ордуна таза абага чыгып достор менен ойногон пайдалуу. Ар бир курактын өзгөчөлүгү бар. Сиз бул учурга эч качан кайтып келе албайсыз. Андыктан балдар менен бирге ойноо аркылуу көпкө созулган бактылуу эскерүүлөрдү жаратасыз. Албетте, маал-маалы менен телефонуңузду же планшетиңизди колдонуунун эч кандай жаман жери жок, бирок кээде бул шаймандар үй-бүлөңүздүн сапаттуу убакыт өткөрүүсүнө тоскоол болот.
Эгер сиз жогорку класстын окуучусу болсоңуз жана ден-соолугуңуз менен баары жайында болсо эс алуу учурунда жумушка орношуп, зеригүүдөн арылсаңыз болот. Сиз жашаган жерде тамак-аш тейлөө кызматкерлерине суроо-талап жогору болушу мүмкүн, андыктан жергиликтүү дүкөндөрдө жана ресторандарда жумуш издеп көрүңүз. Албетте, ал сиздин жаш курагыңызга туура келген жана ата-энеңиздин макулдугу менен болгону туура.
Айгерим Кубатбекова