Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин 10-классынын окуучусу Гүлсүнай Токтобаева окуучулар арасындагы сынакта «Кыргызстандын мыкты окуучусу» наамына татып, биринчи орунду багындырды.

Гүлсүнай Токтобаева сыйлануу учурунда
«Кыргызстандын мыкты окуучусу» долбоору 2020- жылы түптөлүп Кыргызстандын жети дубанынан ар тараптуу, таланттуу окуучуларды сыйлап келе жатат. Бул долбоордун негиздөөчүсү «Намыс-Ысык-Көл » коомдук фондунун башкы мүдүрү Жакшылык Бекназаров. Долбоор сынак түрүндө өтүп, Кыргызстандын бардык бурчундагы таланттуу, ийгиликтүү, ар тараптуу окуучулар катыша алышат. 2021-жылы өткөн сынакка 2000 окуучу билдирүү берип, анын ичинен 100 окуучу сыйлык алганга жетишкен.

2000 окуучудан 100 окуучу сыйлыкка татыган
Сынакта биринчи орунду алган Гүлсүнай Токтобаева кубанычы менен тең бөлүштү:«Быйыл 2021-жылы сынак уланып, сынакка катышып көрүүнү чечтим. Сынактын талаптарына ылайык окуучунун өмүр баяны, жетишкендиктери, сыйлыктары долбоордун уюштуруучуларына жиберилип, жыйынтыгы чыгарылат. Кудай буюруп сынактан өтүп 1-даражадагы «Кыргызстандын мыкты окуучусу» диплому, медалы, күбөлүгү менен сыйландым. Сыйлоо аземи 3-июль күнү Бишкек шаарында А.Салымбеков университетинде болуп өттү. Андан тышкары долбоордун уюштуруучулары окуучуларды «Кой-Таш» жаратылыш жана «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине экскурсияга чыгарышты.
Бул сыйлыкты алганыма абдан кубанычтамын, учурдан пайдаланып бул жетишкендигиме себеп болгон ата-энеме, үй-бүлөмө жана Ой-Терскен орто мектебинин жалпы жамаатына ыраазычылыгымды билдирем. Негизи окуудагы гана ийгиликтерим эмес, коомдук иштерге дагы активдүү катышып, ар кандай конкурстардагы жеңиштерим жана ыктыярчылык ишмердүүлүгүм жеңишке жетишиме түрткү болду десем жаңылышпайм.»

Жеңишке жетүү үчүн 3-4 жылдык эмгегим бааланды
Айта кетсек Гүлсүнай Токтобаева «Кыргызстандын мыкты окуучусу 2021» китеп жыйнагына кирген.

Асел Үркүнбаева